Чоң-Алай районундагы жардамга муктаждарга садака-фитирдин эсебинен 77854 сом таратылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда жардамга муктаж жарандарга садака-фитирдин эсебинен 77854 сом таратылды. Бул боюнча Чоң-Алай районунун башкы имам-хатибинин орун басары Апызбек Саитов билдирди. Анын айтымында 2018-жылы Чон-Алай районуна караштуу жалпы мечиттерден чогултулган садака-фитир райондук хатибият аркылуу таратылуучу бөлүгүнөн 77854 сом акча каражаты жардамга муктаждарга таратылып берилди. Жардамды таратууда райондун башкы имам-хатиби Эрмекбай ажы Ташбековдун жетекчилиги менен атайын түзүлгөн комиссиянын катышуусунда жарандардын социалдык абалына жараша критерий менен каралып, үй-бүлөлүк абалы оор, мүмкүнчүлүгү чектелген жана жалгыз бой, жетим-жесир адамдарга акчалай жардамдар берилди.  Мындан сырткары Чоң-Алай району боюнча бардык 55 мечитте 2018-жылдагы садака-фитирден түшкөн акчалай жардамдарды таратуу иштери жүргүзүлдү.