Аравандагы “Имам Аль-Бухарий” медресесинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Бүгүн, 10-июлда Араван районундагы “Имам Аль-Бухарий” атындагы медресесинин алгачкы 32 бүтүрүүчүсүнө дипломдор тапшырылды. Аталган иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы Турсунбеков, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, Араван райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы полковник Исмаилов Сактан Сардарбекович, “Абдыжапар” Ислам институтунун ректору Нурбек кары Орунбаев, казыяттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акжол кары Бакиров, окуу жайдын мүдүрү Жамалидин Султанов  жана бүтүрүүчү окуучулардын ата-энелери катышышты.  Иш-чара Куран окуу менен башталып, алгачкы сөздү алган Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев окуу жайды ийгиликтүү аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, мындан ары коомго динди жеткирүүдө ак кызмат өтөөгө чакырып, алдыдагы иштеринде ийгиликтерди жаратышына тилектештигин билдирди.

Мына бүгүн сиздер чоң бир жоопкерчиликтүү сапарга аттанып жатасыздар. Устаздарыңыздардан төрт жыл ичинде алган билимди жалпы коомго пайдалуу кылып жеткирүү бул чоң аманат. Мындан ары да бири-бириңиздерди колдоп, илимиңиздерди өркүндөтүп, жалпы мусулман журтчулугуна ак эмгек өтөөгө чакырам жана Алла Таала алган билимиңерди пайдалуу, сапарыңыздарды байсалдуу кылган болсун! –деди Ош облусунун казысы.

Андан соң окуу жайды ийгиликтүү аяктаган 32 бүтүрүүчүгө атайын үлгүдөгү дипломдорду тапшыруу аземи уюштурулуп, жалпы конокторго сый-тамак тартууланды.

Эскерте кетсек, “Имам Аль-Бухарий” атындагы медресеси Араван районунун тарыхында алгачкы диний окуу жай катары 2014-жылы ачылып, өз ишин баштаган. Быйылкы жылы алгачкылардан болуп, окуу жайды 32 окуучу аяктап жатса, алардын ичинен 4 окуучу 30 пара Куранды жаттаган окуучулар болуп эсептелет.