Көңүл оорутпагыла, ал адамды алсыратат

Мусулмандар   Касиеттүү айды узатуу алдында турат.  Орозо адамдарды сабырдуулукка чакырат.
Кадыр түн
Куранда “Кадыр” деген сүрө бар. “Кадыр” дегендин бир мааниси тагдыр, бул түнү Алла Таала кийинки Рамазан айынын кадыр түнүнө чейинки болгон чечимдерди периштелер аркылуу түшүрөт. Мунун маанси кийинки Рамазан айына чейин ким жарык дүйнө менен коштошот, ким жашайт, ким ооруйт, ким ден соолук табат, ким перзенттүү болот, ким перзенттүү болбойт, кимдин канча ырыскысы болот, ким күлөт, ким ыйлайт дегендей Алла Таала ушул кадыр түн күнү түшүрөт. Муну бардыгы тагдыр дегендин маанисинде келет.  Бул күнү Кудайдан тилектерди тилеп,  тобоо кылып, сураныш керек. Кадыр түндөгү  ибадаттар, дубалар, зикирлер жана Куран окуулар миң айдын ибадатынын сообунан жогору турат.

Кыргызстандын Азрети Муфтийи  Максат ажы Токтомушев  адамдар орозону чыдамсыздык менен күтүшөт, орозонун сырткы жана ички эки жагы бар дейт. “Сырткы жагы — бул саарлыктан тартып күн батканга чейин тамак-аштан тыйылуу. Ички жагы бул — орозо туткан адам өзүн оңдоо иретинде, күнөөлөрдөн арылууну үйрөнүү ниетинде Кудай туурасында тереңирээк билүү. Ички жан дүйнөсүн көралбастык, жек көрүү, ач көздүк,  дүнүйө жыргалына берилүү сыяктуу катар кемчиликтерден тазалоо. Ошондой эле такыбалык, мээримдүүлүк, берешендик сыяктуу жакшы сыпаттарга  тарбиялоого үндөйт», — деди Азрети Муфтий.
Дубалар кабыл болот
Хадисте  “Алла Таала жана анын периштелери саарлык ичкендерге мээримдерин тартуулашат”. Ооз ачкан учурда орозо туткандын дубасы кабыл болот. Алланын элчиси ага  Алланын саламы жана салаваттары болсун. “Чынында орозо туткандын дубасы ооз ачаар учурунда кайтарылбайт”. Ошондуктан урматтуу бир туугандар,  эже-карындаштар ушул айда орозо тутуп, жакшы иштерди жасаганга, башкаларды жакшылыкка үндөгөнгө аракет кылалы.
Көңүлдү оорутбагыла
Ѳсүмдүктѳргѳ суу кандай керек болгон болсо, адамдар ортосундагы мамилеге дагы кѳңүл, жылуу сөз жана ынтымак ошончолук  керек. Динде адамдардын адамдарга болгон мамилеси жашоонун негизин түзөт. Мамиле жоголсо адамды чѳктүрөт, алсыратууга алып келет. Ар бир адам, жакындарынын,  ортосундагы  мамилелерге ѳтѳ кылдаттык менен байкоо жүргүзүп, аларга ар дайым жакшы мамиле кылуусу керек.
Турмушта ар кандай учурлар болот, конфликтке барбоо үчүн бир адам унчукпай кутулса, экинчиси аша-чаап сүйлөнөт. Бул учурда унчукпаган адамды кемсинтип, кыйынсынган кырдаалдарды кантип жеңүүгө болотСүйлөө күмүштөн болсо, унчукпай коюу алтындан болот. Ислам дини адамды ачуулануудан жана ачуу үстүндө чечим чыгаруудан кескин түрдө тыйган. Ал эми Пайгамбарыбыз (с.а.в) башка хадисинде мындай деп айтты:«Күрөштөн жеңген күчтүү эмес, ачууланганда өзүн өзү кармаганы – күчтүү». (Сахих аль-Бухари 6114; Сахих Муслим 2609)
Сабыр кылып, жакшылыкты күтүш керек
Куранда «Сабыр кылгандарга эсепсиз жакшылыктар берилет.” [Зумер 10] «Эй, ыйман келтиргендер, Аллахтан сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Аллах Таала, албетте, сабыр кылгандар менен бирге болот.” [Бакара 153]. Эң жогору ибадат — кыйынчылыктарга сабыр кылуу болуп саналат.  Ал үчүн жакшылыкты күтө билүү керек.
Дин ден соолук үчүн кантип кам көрөт?
“Ашказаныңарды үчкө бөлгүлө, бир бөлүгүн тамакка, бир бөлүктү сууга, бир бөлүктү бош койгула” деген хадиске таяна турган болсок бардык адамзатынын ден соолугу жакшы болот. Сергек жашоо -адамдын жашоосундагы өтө маанилүү бөлүк.  Дагы бир хадисте: “Беш нерсенин баалуулугун беш нерседен мурун бил: Карылыктан мурун жаштыктын, оорудан мурун ден-соолуктун, кедейликтен мурун байлыктын, алектенүүдөн мурун бош убакыттын, өлүмдөн мурун өмүрдүн”. (Мишкат:2/651; Фатхул-Бари:14/9).
Орозо айт
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи болуп Максатбек ажы Токтомушев:

  • Урматтуу мекендештер, урматтуу момун мусулман бир туугандар! Жараткан Алла тааламдын сиздерге чексиз мээримин, тынчтыгы, саламатчылыгын жана ыраазычылыгын каалап кетемин!Ушул ыйык рамазан айында, ысык жай мезгилде орозо тутканыбыз,   Алланын алдында улуу Айт күндүн келгенине күбөө болгонубуз, Жаратканыбыздын бизге тартуулаган чексиз мээрими жана берешендиги. Өзүнүн улуулугу менен кудуреттүү Алла таалам биз кармаган бир ай орозобуздан дене напсибиздин кумарынан аруулантып руханий күчтөнүүгө, маданияттуу мүнөзгө, коомдо адеп ахлактуу мамилелерге жана ички дүйнөбүздү тазалоого күч берди. Урматтуу мекендештер, урматтуу мусулман бир туугандарым! Ушул нурлуу күндүн ыйык айт майрамында бири-бирибизге урмат сыйдын туу чокусу менен мамиле куруп, коомубузду бийик адеп ахлагыбыз менен кубандырып майрамдайлы жана ушул жылды урматтуу Президентибиз Соорондай Шарипович “Аймактарды өнүктүрүү жылы” -деп жарыялагандыгы Жаратканыбыздын улуу мээрими. Ошондуктан Алла таалабыз Мамлекет башчыбыздан ыраазы болуп, өзүнүн жана бүтүндөй кыргыз элибиздин ыйык рамазан айындагы баардык соопчулук иштерин кабыл кылып, Өзүнүн алдындагы чексиз даражаларына жеткирсин жана эмки орозо айына баарыбызды аман-эсен жеткирсин! Айтыңыздар маарек болсун!

Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕК кызы

www.erkintoo.kg