Баткен облусунун казыятынын ишмердүүлүгү

Казыяттын ишмердүүлүгү

Баткен облустук мусулмандар казыяты Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндө чечимин ишке ашыруу, Матуридий акыйдасы боюнча Ханафий мазхабын бекемдөө, калк менен жүргүзүлгөн иштер (жаштар, аялдар),жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен биргелешип аракеттешүү, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча жүргүзүлгөн иш аракеттердин ишке ашыруу жана КМДБнан келген фатваларды, буйруктарды жана башка  иш кагаздарды тез арада Имам-Хатибдерге жана элге жеткирүү жакшы орунга коюлган. Казыят жетим балдарга, майыптарга, жакырларга, жаратылыш кырсыгына кабылган мусулман бир туугандардын көңүлүн алып, колдон келген жардамын аябастан берип келет. Баткен облусунун Казыяты Баткен шаарындагы «Баткен таңы» гезити, «Салам» радиосу жана Баткен ТВси аркылуу ар кандай диний темаларда эл менен жолугушуп турат. Баткен облусунун мусулмандар казыяты бүгүнкү коомчулуктун казыятка тиешелүү болгон ар кандай мүдөөсүн аркалап ишке ашырууда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекеме уюмдар менен тыгыз иштешүүдө.