Пазыл ажы Султанмуратов — Баткен облусунун мусулмандар казысы

Пазыл ажы Султанмуратов  1969-жылы Тажикстан Республикасынын Шураб шаарындажарык дүйнөгө келген. Мектеп курагына чейин ата-энесинин колунда тарбияланып, 1976-жылы Баткен районунун Палал-Ооз айылындагы “М.В.Фрунзе” атындагы мектепке 1-класска кирип, 1984-жылы 8-классты аяктаган. Андан соң Пазыл ажы Султанмуратов Баткен айылындагы №57 кесиптик техникалык окуу жайына тапшырып, аталган окуу жайды 1987-жылы аяктаган. 1987-1989-жылдары Беллоруссиянын Могилев шаарында СССРдин ички аскеринин катарында Советтик армияда кызмат өтөгөн. 1993-жылы Ош шаарындагы «Абдужапар» атындагы Ислам Институтуна кирип, 1997-жылы окуу жайды ийгиликтүү аяктап, “Имам Хатиб-Мударис” адистигине ээ болгон. 2002-жылы Баткен мамлекеттик университетинин тарых факультетин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып,  2008-жылы тарых мугалими адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун  2006-2012 жылдардан баштап, Баткен районунун  баш имам хатиби болуп эмгектенген. 2012-2014-жылдары Баткен шаарындагы “Муаз ибн Жабал”  медресесинин мүдүрү. 2014-жылы Баткен шаарынын баш имам хатиби болуп эмгектенген. 2014-2017-жылдын май айына чейин Баткен облусунун казысы кызматын аркалап, 2017-жылдан 2018-жылдын июль айына чейин Баткен районунун баш имам хатиби болуп эмгектенген. Ал эми 2018-жылдын 2-июлунан тарта кайрадан Баткен облусунун мусулмандар казысы болуп дайындалды.