Ислам дининдеги Ханафий мазхабынын кыргыздардын жашоосундагы орду

Кыргызстандын 80 пайыздан ашуун жараны Ислам динин дин катары карманышат. 712 – 714 жылдары Кыргызстандын түштүк тарабынан Кутайбату ибн Муслимдин жетектөөсү менен Ислам дини жергебизге тарала баштаган.

1) Көпчүлүк тарых китептеринде 751 жылдан тарта тарала баштаган деп айтылат.

2) Башкача айтканда Ислам дини 13 кылымдан ашуун убакыт кыргыз элинин кан — жанына сиңип, калыптанып калган.

Бир кылымга жетпеген мезгилде элдин динге болгон ишенимин толугу менен сүрүп чыгарууга жасалган аракеттер ишке ашпады. Бирок, бир топ кыйын кезендерди элибиз баштан кечирди. 13чү кылымдын ичинде жалан Ислам дини толук карманды деп айтууга да болбойт. Анткени, Ислам динине туура келбеген бир топ ишенимдер болгон. Мисалы: Тотомизм, Фетишизм жана башкалар. Бирок, ошол ишенимдердин эң тазасы — жалгыз Аллахка болгонун тарых китептери, байыркы имараттар, археологиялык казуулар жана башка бир топ булактар негиз боло алат. Мисалы: Жалалабадтагы Сафет Булан Шах Фазил тарыхый мемориалдык комплекси, Мухаммад Жарир мечити, Шейиттердин күмбөзү, Кожа Аламдар Мавзолейи, Чүйдөгү Бурана, Өзгөндөгү Мунара жана башка көптөгөн тарыхый далилдер бар. Бул далилдер тарыхтын ар кайсы мезгилине туура келет. Эгерде ушундай жерлерди иликтей карасак, өлкөбүздүн жети дубанынын ар биринен Ислам динин издерин жолуктурууга болот.

Тарыхый Инсандар Махмуд Кашкарий, Жусуп Баласагуний, Сиражуддин Аль – Оший, Имам Сарахсий жана башкалар. Көптөгөн аалымдарыбыз кыргыз элинин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, бүгүнкү күнгө чейин алардын калтырып кеткен эмгектери элибиздин руханий байлыгы болуп келет. Ушул аалымдардын кимисинин гана эмгектеринен барактап карай турган болсок, сөзсүз Ислам дининин даңазалаганын, Ханафий мазхабын карманганын, же болбосо Ислам баалуулуктарынан лып, элибизге ккөөнөргүс мурас калтырып кеткенин байкайбыз.

Ааламдашуу доорунда демократиянын шарданы менен дин тутунуу эркиндеги Кыргызстандын ар бир жаранына берилиши, айрыкча кыргыздар үчүн өзгөчө мааниси бар экени талашсыз. Анткени, Исламдын кайра жаралуу доору башталгандай шоокум сезилип, ренессанс жаратып жаткандай туулат. Айрыкча, А. Ш. Атамбаев кыргыздар үчүн дин тутунуу багыттын ачык көрсөтүп, Абу Ханифа мазхабын бекем кармануу керек экендиги тууралуу айткан пикирлерин эске алуу учурдун талабы. Анан да алдынкы көчтө бараткан аталарыбыз, агаларыбыз, дин аалымдары аталган мазхаб кыргыздар үчүн өзгөчө позитивдүү маанай жаратаарын баса белгилешкен.