Абу Ханифа

Аскалани «Такриб» деген китепте айткан «Нуъман бин Сабит Куфи Абу Ханифа». Перс элдеринен болот. Өтө атактуу факих, чоң аалым. 150 — хижрии жылы жетимиш жашында дүйнөдөн кайткан.

Кээ бирлер Абу Ханифанын (р.х) ата бабалары кул болушкан деген. Бану Тамим уруусунун азат кылган кул болгон дешет.  Абу Ханифанын (р.х) небереси Исмаил бин Хаммад (р.х) айткан: «Биз фарс элдеринин уулдарынанбыз. Биздин ата бабаларыбызда кулдар болгон эмес. Чоң атам 80 — жылдары төрөлгөн. Кичинекей кезинде Али бин Абитолибге (р.а) барган. Ал чоң атама жана анын урпактарына береке дуба кылган. Кийин 150 — хижрии жылы Багдад шаарында дуйнөдөн кайткан. Абу Ханифанын (р.х) заманында төрт сахаба өмүр сүргөн:

Анас бин Малик (р.а) Басрада

Абдулло бин Аби Ауфа (р.а.) Куффада

Сахил бин Саъд (р.а) Мадинада

Абу Туфайл (р.а) Меккеде

Ал сахабалардын эч кимисине жолуккан эмес, алардан илимда алган эмес. Бирок анын шериктери айтышкан: «Ал сахабаларга жолуккан алардан риваят кылган». Мисалы Анас бин Маликке (р.а) жолуккан.

Илимди алган улуу устаттары

Фикх илимин Хаммад бин Аби Суфян (р.а.) дан алган. Ошондой эле Ато бин Аби Роббах, Абу Исхак Сабиъий, Мухориб бин Диссар, Хисан бин Хабиб, Мухаммад бин Мункадир, Нафиъ Улисам бин Урва, Симан бин Харбтардан (р.х) да илим уккан.

Казылыктан баш тартып мансапка кызыкпаганы

Куфада Марвандын падышалык заманында Ибн Хубайра Имам Абу Ханифаны каазы болууга мажбурлаганда, ал каазы болбойм деп касам ичип баш тарткан. Абу Ханифанын (р.х) баш тартканына да карабастан аны 10 күндүн ичинде 100 камчы урган. Кийин ошол доордогу Мансур деген падыша Абу Ханифаны (р.х.) Куфадан Багдадка көчүрүп кеткен. Мансур падыша Абу Ханифаны каазы болосун деп мажбурлаган, ал баш тарткан. Ошол себептүү Мансур падыша аны түрмөгө камаган, Абу Ханифа (р.х.) ошол жерден каза болгон.

Ошондуктан Шафии (р.х.) айтат: «Маликтен (р.х.) сурашканда сен Абу Ханифаны (р.х.) көрдүн беле? Ал: «Ооба» деди. Ал ушундай киши эле эгерде бир дубалды алтын деген болсо ошого  толук далил алып келет эле.»

Имам Абу Ханифанын (р.х) атактуу шакирттери

Абу Ханифа (р.х) дан Абдулло бин Мубарак, Ваки бин Жаррох, Язид бин Харун, Али бин Асим, Абу Юсуф, Мухаммад бин Хасан (р.х)лер жана башкалар илим алышкан, риваят кылышкан.

Имам Абу Ханифанын (р.х) такыбачылыгы жана мазхабынын таралышы

Абу Ханифа (р.х.) бекем аалым, амал кылуучу, өтө ибадатчыл, такыба, шарият илиминин имамы эле. Абу Ханифанын (р.х.) Аллахтын астында кабыл болгон экендигине анын мазхабынын таралышы, далилдери азыркыга чейин бекем тургандыгы күбө. Фикх маселелри жөнүндө жана акыйда тууралуу көп маселелерди чечкен. Айткан, чечкен сөздөрүөзүнүн эле тарабынан эмес «Ахли сунна вал жаммат»тын сөздөрү.

Шаамий(р.х) айтат: «Абу Ханифа (р.х.) хадис илиминин имамы болгон. Себеби ал Таабиъин жана башкалар болуп 4000 шейхтен хадис илимин алган. Ошондуктан Имам Захабий (р.х) Абу Ханифаны (р.х.) Хафиз Мухаддистердин катарына кошкон. Кимде – ким Абу Ханифаны (р.х.) хадиске көп көнүл бурган эмес десе ал көрө албагындыктан же жакшы көнүл бурбай айтып койгон болот. Анткени хадисти түшүнбөгөн адам кантип ушунча көптөгөн  маселелердиистинбат кылыша (чечмелеп элдерге түшүндүрүшү) мүмкүн? Ошону менен бирге ал эн биринчи болуп жузий маселелердиистинбат кылган. Бул эмгегиханафий фикх китептеринде ачык көрүнүп турат. Абу Ханифа (р.х) фикх илимине көбүөөк маани берген себептүү, ушундай зарыл, чоң эмгек менен алек болгондуктан, хадис риваят кылуусу фикхке караганда азыраак болгон. Кандай эле  Абу Бакр, Умарлар (р.а) жалпы мусулмандардын иши менен алек болуп хадис риваят кылуулары башка сахабаларга салыштырмалуу  аз кездешет.

Ошондой эле Имам Маалик, Имам Шаафии (р.х.)лер  Абу Зуръа (р.х.) менен Ибн Маъин (р.х) сыяктуу көп риваят кылган эмес. Себеби булар риваят менен алек болгон. Ал эми  Имам Маалик, Имам Шаафии (р.х.)лер истинбат менен алектенген. Себеби илимсиз хадисти көп риваят кылуу мактоого көп деле татыктуу эмес. Ибн Абдулбарр(р.х) ушундай риваятчылар жөнүндө айткан: «Фикх илимин албастан көп риваят кылуу уламалардын жана факихтердин көз карашында жакшы эмес.»

Хадис илимин терең билгендиги жөнүндө

Абу Ханифанин (р.х.) көп риваят кылбагынын  себебин айтат: «Киши хадисти жаттаган күнүңдөгүдөй риваят кыла албаса, аны риваят кылуу дурус эмес». Жаттаган адам гана риваят кылуусу жакшы дечү. Хатиб (р.х.) Исраил бин Юсуфтан (р.х.) ден риваят кылат: « Нуъман (имам Абу Ханифа (р.а)) кандай жакшы киши, ар бир фикх маселеси чыга турган хадисти жаттаган, аны өтө терең изилдеген жана хадистеги фикхти эн жакшы билген киши болгон.»

Абу Юсуф (р.х.) айтты: «Мен хадис илиминде Абу Ханифадан (р.х.) билүүчүрөк бирөөнү да коргон жокмун жана хадисти чечмелөөдө андан билүүчүрөк бирөөнү да көргөн көргөн жокмун.» Абдулло ибну Мубарак (р.х.) айтты: «Фикхте Абу Ханифа (р.х.)дей окшошуну көргөн жокмун жана Мисарды чогулушунда отуруп андан пайда алганын көрдүм, фикх илимин айтууда андан жакшыраагын көргөн жокмун. Жана айтты Абу Ханифа (р.х.) өзүнүн заманында өтө аалым киши эле.» Тарик ибну Холкандан жана башка китептерде Яхя ибни Маъиндин сөзү риваят кылынат: «Мен Хамза кыраатында кыраат кылам жана Абу Ханифа (р.х.) мазхабын карманам жана ошол тарыйкада сабак берем.»

Али Кооринин «Рисалат» деген китебинде имам Харамайнга болгон жообу: «Абу Ханифага (р.х) мурдатан бери эргешип келе жаткандар бардык мамлекеттерде бар. Айрыкча: Римде, Орто Азияда, Синдде, Индияда, Харасан жана Ирактын көпчүлүк элдери жана арап мамлекеттеринин көпчүлүк жеринде да табылат. Менин оюмча имам Абу Ханифага (р.х) эргешкендер мусулмандардын үчтөн экиси же балким андан да көбүрөөктүр.»

Шаамий (р.х) айтат: «Фикхти имам Абу Ханифа (р.х) жанчыды» — дегендин түшүндүрмөсү: «Фикхтин эрежелерин көбөйткөн, бөлүкчөлөрүн бөлгөн жана жолун ачык кылган киши бул имамдардын имамы, үммөттүн чырагы Абу Ханифа Нуъман (р.х.).» Себеби ал фикхти эң биринчи түзүп жана бүгүнкү күндөгүдөй бабтарга жана китептерге тартиптеген. Имам Малик (р.х) өзүнүн «Муатта» деген китепти ушул эрежелерге эргештирип жазган. Ал эми Абу Ханифадан (р.х) мурдагы аалымдар өздөрүнүн жаттоосуна гана таянышкан. «Абу Ханифа (р.х) мурас жөнүндөгү китепти жана келишим жөнүндөгү китептерди эң биринчи түзгөн». – деп Аллама бин Хажардын (Хайраатул Хасан фии манакибе Аби Ханифата Нуъман) деген китебинде келген.

Абу Ханифа мазхабынын улануусу

«Аллах Таала Абу Ханифаны (р.х) досторуна жана ошол замандан азыркы күнгө чейинкилерден ага эргешкендерге башкаруучу кылып койду» — деген сөздүн түшүндүрмөсү: Аббасилер доорунда алардын мазхабы өздөрүнүн чоң аталарынын мазхабы болсо дагы, алардын көпчүлүк каазылары жана диндеги машайыктары Ханафий мазхабында болгон. Бул нерсе ким тарых китептерин баракчалаган болсо ага ачык айкын билинет. Алардын Падышачылык убагы беш жүз жылга жакын болгон. Аббасилерден кийинки Салжуктардын падышалары жана алардан кийин келген Хаваризмдин баары Ханафий мазхабында карманышкан. Акыркы доордогу Осмон империясы да 600 жылдын тегерегеинде доор сүргөнү ошол доордо деле мамлекеттин расмий мазхабы ханафий мазхабы болгон.

Абу Ханифанын (р.х) сыпаттары

Аллама Ибн Хажар Маккий имам Абу Ханифанын (р.а) дагы бир сапатын баяндайт: «Имам Абу Ханифага (р.х) чоң мужтахид имамдардан жана бекем уламалардан. Өтө такыба, пакиза, даражалуу имам. Абдулло бин Мабарак жана имам Лайс бин Саъд жана имам Малик бин Анастардан тартып имам Мисъар бин Кидам жана имам Зуфар, имам Абу Юсуф, имам Мухаммад (р.х)лер ж.б шакирт түшүшкөн. Имам Абу Ханифа (р.х) өзүнүн мазхабына элдерди чакыруу менен алек болгон эмес. Бирок, түшүндөгү Пайгамбарлык ишарат болгондон кийин гана чакырган. Себеби ал сооптон кур калбаш үчүн өзүн төмөн туткан.»

Ушундан билинди – үч атактуу мазхабтын имамдары жана башкалар Абу Ханифанын (р.х) өзүнүн шакирти же шакиртинин шакирттери болуп эсептелет. Малик (р.х) Абу Ханифанын (р.х) устаты деген сөздүн айтылынышынын негизи: Абу Ханифа (р.х) андан «Нике» бабынан бир хадисти риваят кылгандыктан болгон. Бирок бул сөздү имам Суютий (р.х) «Танвиирил Хаваалик» деген китепте жокко чыгарат.

Башка мазхабтардын түбү Абу Ханифанын (р.х) мазхабына байланышы

Шаъраний (р.х) «Мийзан» деген китепте айткан: «Албетте Аллах Таала мага шариаттын маңызын билдирүү менен жакшылык кылды. Мен мазхабтардын баарын Абу Ханифанын (р.х) мазхабы менен байланыштуу экенин көрдүм. Төрт имамдын мазхабынын баары Абу Ханифа (р.х) түзгөн жадыбал менен жүрөт. Мен өзүм окуп билген мазхабтардын баары таштай болду. Ал эми имам Абу Ханифанын (р.х) жадыбалы башка имамдардын жадыбалынан эң узуну жана эң туурасы. Ага жакыныраагы имам Маликтин (р.х) мазхабы, андан кийин имам Шаафийнин (р.х) мазхабы, андан кийин имам Ахмаддын (р.х) мазхабы. Жадыбалдардын эң кыскасы имам Дауддун (р.х) жадыбалы. Бул ыкма бешинчи доордо токтоп калган. Мен алардын мазхабтарына амал кылуунун мөөнүтүнүн узундугу жана кыскалыгына жорудум. Имам Абу Ханифанын (р.х) мазхабы эң биринчи түзүлгөндүктөн анын үзүлүүсү да эң акыркы болот.