Азирети Муфтий облустук казыяттардын бухгалтерлерин 1С программасын терең үйрөнүп, казыяттарда финансылык отчеттуулукту күчөтүү керектигин билдирди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Борбордук Текшерүү Комиссиясы тарабынан облустук казыяттардын бухгалтерлерине уюштурулган окуу семинарынын ачылыш аземине катышып, окуу курсунун өтүшү жана казыяттарга 1С бухгалтериялык программасынын орнотулушу чоң жетишкендик экендигин баса белгиледи. Муну менен катар Азирети Муфтий  2014-жылдын 3-февралындагы Коргоо Кеңешинин жыйынында бир топ маселелер каралып, анын ичинде финансылык ачык айкындуулук боюнча тапшырма берилгендигин жана бул тапшырманы аткарууда 4 жыл аралыгында бир катар жылыштар болуп, Муфтияттын финансылык тармагында чоң өзгөрүүлөр орун алгандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Азирети Муфтий финасы тармагында тактык жана ачык айкындуулук болушу керек экендигин айтып, бул тармакта өзүнүн эрежеси менен иш алып баруу жакшы натыйжа бере тургандыгын билдирди.

Бухгалтериялык отчетту так карашыбыз керек. Бүгүнкү күндөгү сын-пикирлер акча каражаттары боюнча айтылууда. Биз өткөндөн сабак алып, ар бир сумманы так карап, күн сайын отчетун чыгарып туруубуз зарыл. Мына бүгүнкү күнү аймактарга чейин  1С программасы киргизилип жатат. Бул биз үчүн чоң жетишкендик. Биз дагы замандан артта калбастан электродук системага өтүп, бардыгын которуу жолуга өткөрүшүбүз маанилүү,-деди Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи өлкө аймагындагы мечиттерге видео көзөмөлдү орнотууну күчөтүп, мечитке келген жарандарга жакшы шарт түзүп берүү керектигин кошумчалады.

Жолугушуунун акырында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев 1С бухгалтериялык программасын окуу үчүн келишкен облустук казыяттардын бухгалтерлерин семинарга активдүү катышып, прогрмманы терең үйрөнүүгө чакырды.