Тоң районунун баш имам хатиби ӨКМдин Тоң районундагы кызматкерлери менен жолугушту

ӨКМдин Тоң райондук бөлүмүнүн атайын чакыруусу менен Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов Тоң райондук өзгөчө кырдаалдын алдын алуу бөлүмүн кызматкерлери менен жолугушуп, «Исламда эл-жерди, мекенди сүйүү» темасынын алкагында баяндама жасады. Мындан сырткары баш имам хатиб диний терс агымдар, экстремизм, терроризм туурасында дагы кеңири маалымат берип, бул жаатта биргеликте иш алып баруу учурдун талабы экендигин айтып өттү.

Жолугушуунун акырында Мухаррам айы, андагы орозо тутуу жана анын пазилети, өзгөчөлүгү туурасында дагы маалымат берип, бул айдын артыкчылыгына токтолду.

Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар өздөрү каалаган суроолорду беришип, Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдон жооп алышты.