Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Түркия мамлекети тарабынан салынып жаткан мечиттин курулушу менен жеринде таанышты

Muftiyat.kg/29.06.2018/ Бүгүн, 29-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Бишкектеги Түркия мамлекети тарабынан каржыланып жаткан Орото Азиядагы эң ири мечиттин бири болгон Имам Сараксий мечитин зыярат кылып, анын курулушу менен таанышып чыкты.

Иш чарага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, КМДБнын аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, Улан ажы Ибраев жана мечитти куруп жаткан Комаш компаниясынын директору катышты.

Зыярат алкагында ЖКнын Төрагасы Дастанбек Жумабеков мындай ири курулуш көп сандагы момун мусулмандардын зыярат кылуусуна мүмкүнчүлүк берип, ордо калаанын архитектуралык түзүлүшүнө көрк кошо турганын белгиледи.

Ал эми Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит Орто Азиядагы эң ири мечиттердин бири боло тургандыгын айтып, анын сыйымдуулугу 10 миң киши экендигин билдирди. Зыярат алкагында Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ЖКнын Төрагасы Дастанбек Жумабековго мечит тууралуу маалымат берип, учурда курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын билдирди.