Эртең, 28-июнда Азирети Муфтий аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Азирети Муфтий аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат
Азирети Муфтий аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Эртең, 28-июнда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында расмий иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.

Иш сапардын алкагында Азирети Муфтий жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана КРнын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Д.Ч.Моңолдоров менен жолугушуп, аймактагы диний кырдаалты талкуулашмакчы. Муну менен катар Азирети Муфтий облустук администрацияда өтүүчү жыйынга катышып, элдин ар кыл багыттагы суроолоруна жооп бермекчи. Ошондой эле Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев  облустук казыяттын жана имамдардын ишмердүүлүктөрү менен таанышмакчы.