Чүй облустук казыяты болочок ажылар үчүн ажылык сапары боюнча жаңы китеп чыгарышты

Чүй облустук казыяты тарабынан которулган ажылык жана умра китеби
Чүй облустук казыяты тарабынан которулган ажылык жана умра китеби

Muftiyat.kg/27.06.2018/ Чүй облусунун мусулмандар  казысы Руслан ажы Жумагулов демилгелеген  ажылык китеби казыяттын фатва бөлүм башчысы Бектен ажы Зарылбеков тарабынан толугу менен которулуп,    облус аймагынан ажылык сапарына аттанган  300 болочок ажыга таратылып берилди. Учурда бул китепти Чүй дубанынын батыш тарабындагы  ажыларга да сунуштоого даярдалууда.

 

Ажылык ибадат кабыл болуш үчүн Куран жана хадистин негизинде так аткарылуусу керек. Көптөгөн ажылардын өтүнүчү боюнча Алла Таалага бекем тобокел кылып «Ажылык жана Умра» китебин даярдап чыктык. Китепте ажылык жана умра амалдарына тиешелүү бардык керектүү маселелер камтылып, көптөгөн түшүнүксүз жана талаш маселелерге жооп берилип, өтө жеңил жалпак тилде которулду,-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов

Ажылык жана умра китебинде   233 суроого жооп берилип, болочок ажылар үчүн бардык суроолорго жооптор камтылган.