Ош шаардык мэриясында «Аскер айымдарынын коомдогу орду» темасында жыйын өттү

Muftiyat.kg/ 22-июнь/ Ош шаардык мэриясынын жыйындар залында шаардык мэрия тарабынан «Республикалык аскер айымдар фомунун Кыргыз коомчулугундагы демократиянын түптөлүшүнө жана өнүгүүсүнө аскер айымдардын орду» аталышындагы жыйын өткөрүлдү.  Жыйынга Ош шаардык казыятынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби М.Осмонов, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жетекчилери, аксакалдар жана аялдар кеңешинин торагалары, күч түзүмдөрүнүн, аскер бөлүктөрүнүн жетекчилери жана ММК өкүлдөрү катышышты. Жыйында Ош шаардык казыятынын Ак-Буура Чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби М.Осмонов аялдардын, жаштардын жана карыялардын Ислам дининдеги орду туурасында айтып, Ислам дини мекенди коргоодо ар бир жаран улутуна же жынысына карабай түзтөн түз милдетүү экендигин баса белгиледи. Ал эми жалпы катышуучулар өз ойлорун оортого салып, эң башкысы мамлекеттин өнүгүүсүнө жана тынчтыгын сактоо керектигин билдиришти.