Muftiyat.kg/ 22-июнь/ Кечээ, 21-июнь күнү Каракол шаардык эмдөө борборунда ажылык сапарга бара турган зыяратчылар толугу менен эмдөөдөн өтүштү. Эмдөө учурунда алгач жарандар медициналык текшерүүдөн өтүшүп, андан сон эмдөө жүргүзүлдү.
«Ысык-Көл облусу боюнча быйыл 87 жаран катталып, алардын бардыгы толугу менен эмдөөдөн өтүштү. Ошондой эле болочок ажыларды жетектеп баруучу ажы башчылар дагы атайын медициналык кароодон өтүштү»,-деди Ысык-Көл облусу боюнча ажыларды каттоо адиси Жунус Дюшеков.