Ысык-Көл облусунан ажылыкка баруучу талапкерлер 21-июнь күнү эмдөөдөн өтүшөт

Muftiyat.kg/ 19-июнь/ Ысык-Көл облусундагы болочок ажылар 21-июнь күнү Каракол шаарындагы эмдөө борборунан эмдөөдөн өтүшмөкчү. Учурда Ысык-Көл облусунан ажылык сапарга баруучу 87 талапкерге  Каракол шаарындагы “Иброхим ажы” мечитинде жана Балыкчы шаарындагы “Ырыс” борбордук мечитинде сабактар өтүлүп, ажылыктын жол жоболору түшүндүрүлүүдө.