Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында Зунурайн атындагы заманбап мечит колдонууга берилди

Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында Зунурайн атындагы заманбап мечит колдонууга берилди. Мечит «Ассанабил» кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, анын ачылыш салтанатына Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков, жергиликтүү ведомство жетекчилери, айыл тургундары жана «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун өкүлү  Кундиль Недал  катышты. Саамалык Жараткан Алла Тааланын сөзү болгон Куран окуу менен башталып, жалпы коноктор айыл тургундарын жаңы мечиттүү болгондору менен куттукташты. Ошондой эле конктор айыл элин ынтымак менен биримдиктүү болууга, ар дайым муктаждарга жардам берип, аларга көмөк көрсөтүүгө чакырышты.

«Зунурайн мечити Ассанабил кайрымдуулук фонду тарабынан курулса, жер тилкесин Сатканкул уулу Кудайберген атанын уулдары Тыныбек ажы жана Канатбек ажылар бөлүп беришти. Мечитте бардык шарттар каралып, заманбап үлгүдө салынды»,-деди облус казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков.