Караколдогу мектеп окуучуларына «Диний экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу» темасындагы жолугушуулар башталды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 14-ноябрындагы N°203 «2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу» Жарлыгынын негизинде Каракол шаарынын жогорку класстагы мектеп окуучулары менен «Диний экстремизм жана терроризмдин коомго коркунуч жаратуусу» темасындагы жолугушуулар башталды. Жолугушууга Каракол шаарынын баш имам-хатиби Сабриков Талант ажы Рысбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин Каракол шаары боюнча жоопту катчысы Сагымбаев Рыскул Жумакадырович, Каракол ШИИБнүн экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ага ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Каптагаев Нурзат Жумагулович жана МУККнын Ысык-Көл облусу боюнча өкүлдөрү Эрмеев Нурадил, Абдухалыков Мирлан, Эргешов Каныбек ошондой эле «Российские соотечественники Исык-Куля» коомдук бирикмесинин төрагасы Устимов Сергей Александрович катышышты.

Мектеп окуучулары менен болгон жолугушуунун алкагында катышуучулар терс диний агымдар боюнча маалымат беришип, мектеп тарбиялануучулары билим алуу, ата-энени сыйлоо, улууларды урматтоо боюнча дагы лекцияларды угушту.