Азирети Муфтий Франция мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру мырза жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Франция мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру мырза  жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тараптар биргеликте кызматташуу, тажрыйба алмашуу жана эки өлкөнүн достук алакаларын бекемдөө жаатында пикир алышып, Франция мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Азирети Муфтийдин жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылыгын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө экстремизм, терроризмдин алдын алуудагы аткарылып жаткан иштер талкууланып, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан жүргүзүлгөн иштер жана бул жаатта атайын китептер, жума хутбалары даярдалып чыккандыгын айтып, элге туура диний баалуулуктарды жеткирүүдө өлкө аймагындагы имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин байма-бай жүргүзүп жаткандыгын билдирип,  Азирети Муфтий терс диний агымдар менен күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу керектигин кошумчалады. Ал эми элчи Микаэль Ру мырза КМДБнын бул жаатагы иши жакшы натыйжа бере тургандыгын айтып, бир топ мээнет кылуулар болгондугун жашырган жок.

Мындан сырткары эки тараптуу жолугушууда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев 2011-жылы Франция мамлекетинде болгондугун айтып, француз эли меймандос калк экендигин, чет элден келген меймандарга абдан назик мамиле кылышаарын айтып өттү.

Ал эми жолугушуунун акырында эки тараптуу кызматташуу алаканы бекембеп, биргеликте иш алып баруу боюнча өз ойлорун билдиришти.