“Адеп-Ахлак” кайрымдуулук фонду Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы 7 балалуу энеге 4 бөлмөлүү үй салып беришти

Ысык-Көл облусундагы “Адеп-Ахлак” кайрымдуулук фонду Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы 7 балалуу энеге үй салып беришти. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов билдирди.

Ак өргөнүн  ачкычын тапшыруу аземине район акими Калыс Джудеев, фонддун төрагасы Эрмек Жунушев, айыл жаштары, аксакалдар катышып, фонддун жалпы жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашты.

““Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында районубузда бир катар жакшы иштер жасалууда. Алардын бири катары бүгүнкү күндө Саруу айылынын тургуну, 7 баланын энеси Гүлзат Султангазиева эжекебиз 4 бөлмөлүү үй менен камсыз болуп турган мезгили. Бул биз үчүн чоң сыймык”,-дейт райондун баш имам хатиби.

Саруу айылынын жаштары тарабынан түзүлгөн “Адеп-Ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан Гүлзат Султангазиева үчүн курулган турак жайдын курулушуна 1 000 000 сом жумшалып, бардык шарттар каралган.

Эскерте кетсек, учурда “Адеп-Ахлак” кайрымдуулук фонду тарабынан муктаждар үчүн  3 турак жай салынууда.