Нарын казыяты жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 5 балалуу жалгыз бой энеге үй салып берди

Кечээ, 24-сентябрда Нарын облустук казыяты Нарын шаарынын РТС аймагындагы аз камсыз болгон 5 балалуу жалгыз бой эне Айзаада Өмүракуновага колдоо көрсөтүү максатында 4 бөлмөлүү үй салып берип, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев ак өргөнүн ачкычын колуна тапшырды. Кайрымдуулук иш чарсы Нарын облусунун казысынын демилгеси менен уюштурулуп, демөөрчүлөр тарабынан ишке ашырылды.

Бул үй-бүлөгө толук кандуу заманбап ак өргө тургузулуп берилди. Тамдын узуну 11 метр, туурасы 12 метрди түзүп, ичинде жуунчу жайы, ажатканасы, жылуулук системасы жана ошондой эле Нарындын суук климатына ылайыкталган жылуу эшик-терезелер орнотулган,-деди облус казысы.

Курулуш иши үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталып, учурда толугу менен бүткөрүлгөн.  Ак өргөнү тапшыруу  аземине Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботаканов, диний кызматкерлер, жеке ишкерлер, демөөрчүлөр жана кайрымдуулук фонддордун кызматкерлери катышып, ак өргөгө жана үйгө кирип жаткан үй-бүлөгө, тестиер балдарга ак баталарын берип кайтышты.

Ушул кайрымдуулук иш чаранын артында каражатын таап берген берешендер, тамды салган усталар, кайрымдуулукка үндөгөн мугалимдер турат. Аларга Алла Таала ыраазы болсун! Бул иш чара Кудай буюрса көптөгөн жарандарга үлгү болот деген ишеничтебиз,-дейт Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев.