Баткен облусунун казысы Кадамжайдагы имамдардын иш аракетери менен таанышууда

Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин “Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу жана “Аймактарды өнүктүрүү” жылынын алкагында ошондой эле казыяттын иш планына ылайык Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов  казыят кызматкерлери  менен биргеликте Исфана шаарынын борбордук мечитинде  Лейлек  районунун, Исфана жана Сүлүктү шаарынын  имамдарына жыйын өткөрүп, алардын  иш аракеттери менен жеринде таанышты.

Имамдар Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы, Баткен казыяты тарабынан берилген буйрук, тапшырмаларды өз убагында так аткарылып жаткандыгы үчүн облус казысы ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады. Муну менен катар облус казысы  имамдарга мечиттердин тазалыгы, өрт коопсуздугу жана каттоосуз мечиттерди каттоодон өткөрдү, эл менен тыгыз  кызматташуу зарыл экендигин айтып, коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жакындан иштешүү керектигин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда имамдар үчүн атайын колдонмо китептер таратылып,  имамдар өздөрүнүн суроолоруна адистерден жооп алышты.