Ардыктуу дин аалымдары жана кайрымдуу инсандар Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын медалдары менен сыйланышты

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарындагы Жаннат мейманканасында өткөн «Руханий Жибек жолу. Улуу гуманисттик салттар жана азыркы учурдун чакырыктары» аттуу III-Эл аралык диний-илимий конференциянын алкагында Ислам динин баалуулуктарын жайылтууда кошкон эбегейсиз салымдары үчүн ардактуу инсандар жана коңшу мамлекеттердин Муфтийлери  КМДБнын медалдары менен сыйланышты.

Алгачкы “АЙКӨЛ” медалы өзүнүн илими жана эмгеги менен КМШ өлкөлөрүндө абройлуу дин аалымы,  Орусия муфтийлер Кеңешинин    жана Орусия мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы жана  ушул конференциянын демилгечилеринин бири Муфтий шейх Равиль Гайнутдинге тапшырылды.

Андан кийинки “ЫНТЫМАК” медалы Ислам тарыхындагы улуу аалымдардын мекени, илимпоздордун очогу болгон улуу аалым имам Бухарий, имам Матрудий, Ибн Синага окшогон залкарлар чыккан коңшу мамлекетибиз болгон Өзбекстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Азирети Муфтийи Усмонхон ажы Алимовго тапшырылды.

Ушундай эле “ЫНТЫМАК” медалы боордошубуз, тектешибиз, коңшубуз, диндешибиз жана  бир тууганыбыз, дайыма Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен тыгыз байланышта болуп, эки тараптуу кызматташууну жакшыртып, ынтымагыбызды бекемдеп келген  Казакстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын баш Муфтийи Серикбай ажы Оразга ыйгарылды.

Кийинки “ЫНТЫМАК” медалы менен биздин коңшу мамлекетибиз болгон Тажикстан Ислам борборунун Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Муфтий Саидмукаррам ажы  Абдулкодирзода   сыйланды.

Эзелтеден коңшубуз жана руханий жибек жолу конференциясынын демилгечиси болуп саналган Кытай Эл Республикасынын Ислам ассоциациясынын төрагасы Хасан Фа Мин дагы   “ЫНТЫМАК” медалы менен сыйлады.

Мамлекетибиз өз алдынча эгемендүүлуктү алганга чейин Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын башкармалыгы Ташкентте Муфтият болуп турган. Ал эми Орто Азиянын бизге окшош мамлекеттери Казыят болуп аталган. Мезгилинде Казылардын катарына Казылар сыяктуу даражада Кыргызстан мусулмандарына кызмат кылган Шабдан уулу Кемел молдону жана Калыкназар уулу Шапат ажыны айтып келишүүдө. Бул инсандар өз доорунда Кыргызстан мусулмандарынын Казысы болуп иштешкен. Мамлекетибиздеги мусулмандардын 1-Курултайы 1991-жылы өтүп, Кимсанбай ажы Абдурахманов Азирети Муфтийлик кызматына шайланган. Ошол мезгилде алгачкы Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы түптөлүп, оор мезгилди башынан өткөргөн дин аалымдарынын бири, биздин ардактуу карыябыз жана улуу аалымыбыз Кимсанбай ажы Абдурахманов «НАСЫЙКАТ» медалы менен сыйланды.

Муфтиятта 40 жылдан ашуун эмгек кылып, өзүнүн насаатын айтып, Ислам дининин баалуулуктарын жайылтууда эбегейсиз салымын кошуп келе жаткан, көпөтөгөн китептердин автору, Азирети Муфтийдин кеңешчиси Дүйшөнбек ажы Өткөнбаев дагы  «НАСЫЙКАТ» медалы менен сыйланды.

Ушундай эле сыйлык менен биздин аалымыбыз, ардактуу карыябыз, насаатчыбыз жана сыймыгыбыз, насааты төгүлүп, коомубуздун ыймандуу, адептүү жана ынтымакта жашоосуна эбегейсиз салымын кошуп келе жаткан залкарыбыз Молдо Сабыр устазга  «НАСЫЙКАТ» медалы  ыйгарылды.

Ал эми элдин социалдык жашоосун жакшыртууга кошкон эбегейсиз эмгеги менен таанылган «Ассалам» жана «Асанабил» кайрымдуулук фонддорунун мүдүрлөрү Саид Баюми жана Нурмухамед Миңбаев «БЕРЕШЕН» медалы менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу салтанатынын соңунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирип, алган медалдары менен чын дилинен өзүнүн жана Кыргызстан мусулмандарынын атынан куттуктады.