Тоң райондук хатибияты райондогу мечиттердин имамдарына кышка камылга көрүүнү милдеттендирди

Бул туурасында райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Хатибияттын эмгек жамааты жана жалпы  райондук имамдар менен болгон жолугушууда мечиттердин тазалыгын кароо жана кышка камылга көрүп, мечиттердин жылуулугун камсыздоо  маселеси каралган.

““Кыштын камын жазда көр”,-демекчи биз аймактагы мечиттердин имамдарына жаз айынын башталышы менен мечиттерди оңдоп-түзөө, жылуулук системаларын жакшыртуу жана демөөрчүлөрдү таап, көмүрдү эрте даярдап коюну милдеттендиргенбиз. Учурда берилген тапшырмалардын аткарылышы каралып, кыш мезгилине жакшы даярдык менен кирүү боюнча тапшырмалар берилди,-деди райондун баш имам хатиби.

Учурда Ж. Бөкөнбаев айылындагы борбордук мечит оңдоп-түзөөдөн өтүп, мечитке жылуулук системасы  киргизилип, айлана-чөйрөсү ирээтке келүүдө.