Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: «Балдарды тарбиялоо эң чоң аманат»

Бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Имам Сарахсий  атындагы республикалык борбордук мечитте «Балдарга туура тарбия берүү» темасында жума баянын жасап, балдардын тарбиясы, билим алуусу жана келечеги туурасында кеңири айтып берди. Азирети Муфтий бала тарбиялоо намаз окуп, орозо кармаган сыяктуу эле ибадат экендигин айтып, балдардын тарбиясына көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ата-эне баласына үлгү болушу керек. Бала ата-энесин көрүп тарбия алып, түздөнөт. Балдарыбызга тарбияны кичинекей кезинде берип, ыймандуу кылып чоңойтуп, мээримибизди төгүшүбүз керек,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий балдардын тарбиясына көңүл бурбай таштап коюп, ээн эркин койо берген ата баласына кыянаттык кылгандыгын, балдардын чөйрөсүнө көңүл бурбагандыктан жана алар  убактысын кайсыл жака коротуп жаткандыгынан кабар албагандыктан улам бүгүнкү күндө ар кандай терс көрүнүштөр болуп жаткандыгын айтып өттү.