Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчүп келишти

Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылар бүгүн, 19-августта толугу менен Мина өрөөнүнө көчүп келишти. Болочок ажыларды Мина өрөөнүнө жеткирүүдө 38 автобус кызмат кылып, бардыгы сак саламат жетишкен.  Ал эми Кыргызстандык ажылар эртен, 20-августта багымдат намазынан кийин  Арафат өрөөнүнө көчүшмөкчү.