Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматов кыргызстандын жалпы элин курман айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовдун улуу курман айт майрамына карата кыргызстандын жалпы элине жолдогон  куттуктады.

Куттуктоо толугу менен берилет:

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу кадырман мусулмандар!  Сиздерди Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин, Кыргызстан Ислам Университетинин жалпы эмгек жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан ак пейилден улук Курман айт майрамы менен куттуктаймын! Жараткан Кудай Таала жерибизге тынчтык, береке, элибизге ыйман, ынтымак, сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин!

Курман айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч, бакыт, береке алып келсин!

Урматтуу мекендештер! Курман айт – бул кылымдардан бери элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырган майрам.

Айт – бир диндин, бир ишенимдин коргонунда бизди бириктирген, дилдерди баш коштурган, боордоштукту бекемдеген, өз ара ыйкы-тыйкыларды жок кылган диний майрам.

Айт – жалпы жамаат катышкан айт намаздары менен, айттын, майрамдын кубанычын, сезимин, бактылуулугун жарыялаган такбирлери менен мусулмандардын биримдиги жана ал күндүн кут-берекелүү болуусу үчүн айтылган үгүт-насааттары, эл-жердин аман-эсенчилиги үчүн кылынган дуба-тилектери менен адамдардын ички сезимдерин майрамдык маанайга бөлөгөн улук күндөр. Курман айт ак ниеттүүлүккө, кечиримдүүлүккө, ыймандуулукка, кайрымдуулукка жана кең пейилдүүлүккө чакырат. Ушул күндөрү бардык мусулмандар изги-сооптуу иш-аракеттерди жасап, келечекке жакшы максаттарды ниет кылып, Жараткан Алла Таалага үмүт-тилектери менен кайрылышат. Курман айт мусулмандар үчүн барга топук, азга каниет кылып, тазалык жана мээримдүүлүк менен жашоого, жалпы эле адамзаттын улуу парздарын аткарууга үндөгөн тарбиясы менен маанилүү. Мына ошондуктан бизди Курман айт майрамына жеткирген Алла Таалага канча ирет шүгүр келтирсек аздык кылат. Курман айт ал күндөрү аткарыла турган ажылык жана курмандык чалуу амалдары менен улук жана таанымал. Курмандыктын хикматы болсо, анын этин өзүбүзгө караганда аябай муктаж болгон адамдарга берүү, Жараткандын бизге берген нимат-жакшылыктарын башкалар менен бөлүшүү, ошентип ортобуздагы бир туугандык байланыштарыбызды күчөтүү менен иш жүзүнө ашат.

Курмандык – бул Алла Таалага берилүүнүн, Жараткандын буйрук-талаптарына баш ийип, моюн сунуунун, ыкластуулуктун, напсиге эмес Жараткан Алла Таалага кул болуунун символу. Алла Таала сунган курмандыктарыбызды кабыл кылып, айт майрамы өзү менен кошо алып келген боордоштук, өз ара жардамдашуу сезими менен бүткүл аалам тынчтыкта, аман-эсенчиликте жашоосун насип кылган болсун! Мына ушул айтта майрамдык шаңга кабылбаган эч бир адам, эч бир үй-бүлө калбасын. Үйүндө же керебетинде бирөө-жарым мени көргөнү келер бекен деп зарыгып жаткан оорулууга, дасторконуна коёрго тамагы жок муктаждарга, жалгыздыктын караңгы үңкүрүндө үңүрөйө калгандарга, ата камкордугуна, эне мээримине зар болгон жетимдерге, кабыргасы кайышып, тирегинен ажыраган жесирлерге, картайганда караан болоор перзентинен айрылган карыларга, деги эле жардамга муктаж болуп, ынтызарлана көмөк күткөн ар бир адамга, керек болсо жалпы адамзатка майрамдык маанай тартуулоого, аларга жардам колун сунуп, жүзүндө жылмаюу пайда болуп кубануусуна себепкер болгонго шашылалы. Алла Таалага жакын болуунун символу, сүйүүнүн, чынчылдыктын, берилгендиктин, аманаткөйчүлүктүн белгиси катары жыл сайын мусулмандык дүйнө таанымыбызды жаңылоо үчүн келген, биримдик, ынтымак, боордоштук жана башкаларды ойлоо сезимдерибизди бекемдеген, ыйман, ибадат жана тарыхый кубанычтын атмосферасынын ичинде табыштырган, ошондой эле ушундай кубанычты түбөлүккө ташыган мээрим-ырайымдуулук, кут-береке жылоологон улук Курман айт майрамыңыздар менен баарыңыздарды дагы бир жолу ак дилден куттуктаймын!

Ал эми ажылык  биримдиктин, тең укуктуулуктун, тилектештиктин, «бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаруунун», «өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болуунун» символу. Мусулмандык парзын аткаруу максатында касиеттүү Меккеге барышкан ажылардын, алардын арасында мекендештерибиздин ажылыгы кабыл болуп, өз өлкөсүнө аман-эсен кайтып келишсин.

Курман айт жан дүйнөбүзгө, үй-бүлөбүзгө, өлкөбүзгө, бардык Ислам ааламына, бүтүндөй жер жүзүнө бакыт-таалай, кубаныч менен сүйүнүч ала келүүсүн Жараткан Кудай Тааламдан жалынып суранам!

Алла Таала биздин өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү, бейкутчулукту берсин. Бардык үй-бүлөгө ден соолук, тынчтык жана ынтымак каалайм.  Дагы бир жолу Курман айтыңыздар маарек болсун!

 

Саламым жана урматтоом менен куттуктоо жолдоп,

Кыргызстан мусулмандарынын

Аалымдар Кеңешинин төрагасы,

 Кыргызстан Ислам университетинин ректору

 Абдишүкүр ажы Нарматов