Кыргызстандык ажыларды Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүрүүдөгү коопсуздук боюнча ажылык министрлиги жыйын өткөрдү

Сауд Арабия Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №25 мекеменин  жетекчи Хаттаб Ужейми Кыргызстандык ажыларды коштоп келген 109 ажы башчыга жыйын өткөрүп, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүүдө коопсуздук жагы күчөтүлгөн тартипте иштей тургандыгын эскертип, САПтын ажылык министрлиги тарабынан коюлган бардык эрежелерди, тапшырмаларды өз учурунда аткарууга чакырды. Муну менен катар ал ажы башчылар өздөрүнүн карамагындагы 49 ажы үчүн жооп берип, аларды графиктин негизинде таш атууга барып, ажылыкты уюштуруу боюнча штабдын талабын аткарууга үндөп, штаб тарабынан берилген буйрук менен гана иштөө керектигин баса белгиледи.

Бул аракеттин бардыгы ажылардын коопсуздугу, саламаттыгы үчүн гана жасалууда. Сиздер өз тобуңуздардагы ажыларга так маалымат берип, штаб жетекчилигине түз баш ийиңиздер. Качан гана бири-бирибизди туура түшүнгөндө гана ишибиз алдыга жылып, натыйжасы жемиштүү болот,-деди Хаттаб Ужейми.

Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев штаб көчүп-конууларды өз көзөмөлүнө алып, бул учурда штаб кызматкерлери ажы башчыларды тыкыр көзөмөлдөп тураарын айтып, ажыларга дагы түшүндүрүү иштери жеринде жүргүзүлөөрүн билдирди.

Сауд Арабия Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №25 мекеменин  жетекчи Хаттаб Ужейми өткөргөн жыйынга  ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев, штаб жетекчисинин орун басары Равшан ажы Эратов, КМДБнын ажылык бөлүм башчысы Жолдош ажы Абдылдаев жана штаб мүчөлөрү катышты.