Баткен облусунун казысы баш имам хатибдердин отчетун кабыл алды

Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында райондун  жана шаардын баш имам хатибдеринин отчеттук жыйыны өтүп, анда дин кызматкерлери жыл башынан бери  аткарылып жаткан иштер, мечиттердин каттоолору, битир-садаканын максаттуу жумшалышы жана диний кырдаал боюнча маалыматтарын беришти.

Отчеттук жыйынга Баткен облуснун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов, казынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров жана казыяттын адистери катышып, баш имам хатибдердин отчетторун угушту. Жыйындын алкагында облус казысы  ар бир иште жоопкерчиликтүү болуу керектигин айтып,  район, шаардын баш имам хатибдеринин аткарган жакшы иштерине ыраазычылык билдирип, жетишпеген кемчиликтерди жоюга өзгөчө көңүл буруу менен  басым жасоого чакырды. Муну менен катар район, шаардын хатибдери  2018-жылдагы  пландалуучу  иштерге токтолуу менен өздөрүнүн сунуш-пикирлерин дагы айтышты.