Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы ишке кирди

Ыйык Мекке шаарындагы Кыргызстандык ажылардын саламаттыгын көзөмөлдөп, алардын ден соолугуна кам көрүү үчүн атайын тез жардам унаасы алынды. Тез жардам унаасы бардык жабдуулар менен камсыздалып, тиешелүү дары-дармектер жетишээрлик. Эми жаңыалынган  тез жардам унаасы менен КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Мекке шаарына жиберилген дарыгерлер иш алып барышып, ажылардын саламттыгын көзөмөлдөшмөкчү.

Тез жардам унаасын Мекке шаарындагы демөөрчүлөр алып беришип, эми ар жылы ажылыкка барган мекендештерибиздин саламаттыгын көзөмөлдөөгө өз салымын кошуп турмакчы.

«Албетте, тез жардам унааасы биз үчүн күтүлбөгөн чоң бир жаңылык болду. Эми атын атагысы келбеген демөөрчү тарабынан алынган тез жардам унаасы ажылардын саламаттыгын ар бир мейманканага барып көзөмөлдөп, оорп калгандары болсо ооруканага дароо жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк жаралды. Быйыл ажылыкты уюштурууда абдан бир чоң жылыштар болуп, мекендештерибиз үчүн шарттар жакшырууда»,-деди жеринде Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Белек Нурланов.