Тогуз-Торо районунда ысырапкерчиликти жою боюнча атайын комиссия түзүлөт

 

Тогуз-Торо  районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Болотбеков Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Айбек  Карыбекович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында райондогу диний кырдаал талкууланып, ысырапкорчулукту азайтуу, мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Ал эми жолугушуунун соңуңда райондун акими ысырапкорчулукту жою боюнча атайын комиссия түзүлөөрүн жана мечиттерди мамлекеттик каттоодон өткөрүүдө жардам берээрин билдирди.