Баткен облусунун казысы өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча имамдарга тапшырма берди

Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов район, шаарлардын баш имам хатибтерине өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча имамдарга бир катар  тапшырмаларды берди.

Облус казысынын тапшырмасына ылайык имамдар кургак жайлардын айланасын тазалоо, мечит, медреселерге өрт өчүрүчү транспорттук унааларын тоскоолдуксуз кирүүгө шарттарды түзүү, өрт өчүрүүчү каражаттарын, өрт коопсуздук текчелерин орноотуу жана башка керектүү каражаттардын тиешелүү жайларда болуусун камсыздоо,   жергиликтүү өрткө каршы куткаруу кызматы менен иш биргеликте  сабактарды, машыгуударды өткөрүшөт.

Аталган  иш аракетер Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын 2018-жылдын 19-июлдагы №337 буйругун ишке ашыруу максатында аткарылууда.