Аймактарды өнүктүрүү жылында Алай районундагы мечиттерде заманбап дааратканалар курулууда

Кечээ, 2-августта Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн башчысы  Акжол кары Бакиров аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында  Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү мечиттерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Тогуз-Булак айылындагы “Корул” мечитинин жаңы курулуп жаткан заманбап дааратканасынын курулушу менен таанышып, курулуш иштери 80 пайызга  бүткөрүлгөндүгүнө күбө болду.

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан бардык диний кызматкерлерге облус аймагындагы диний объектилерди заманбап үлгүдө жаңылоо жана элдин талабына ылайык бардык шарттарын түзүү  тапшырмасын койгонбуз. Жыл башынан бир нече мечиттер жана диний окуу жайлар заманбап үлгүдө жаңыланып, айрымдары капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, реконструкцияланды. Мындан сырткары бардык диний кызматкерлер кайрымдуулук иштерди колго алышып, турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келе жатышат. Жыл башынан бери облустук казыят тарабынан демөөрчүлөрдү табуу жолу менен ушул эле Корул айыл өкмөтүнүн төрт айылына таза суу чыгарылып берилген. Бул ирет да Тогуз-Булак айылында жашаган элдин кайрылуусун эске алып, демөөрчүлөрдү табуу жолу менен мечиттин дааратканасын заманбап шартта жаңыдан куруп берип жатабыз. Даараткананын долбооруна ылайык ысык жана муздак суу чыгуу шарттары да эске алынган. Бул курулушка негизги демөөрчүлөрдү таап демилгелеген Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана дин аалымы Абдырахман кары Атабаевдердин салымы чоң болду. Буюрса жыл аягына чейин дагы ондогон мечиттердин дааратканаларын жаңылап берүү планыбызда бар” –деди А.Бакиров.

Эскерте кетсек, жогоруда демилгеленген курулуш объектилери толук бүткөрүлүп, Курбан айт майрамына карата ишке берилмекчи.