Майлуу-Суунун баш имам хатиби менен шаардагы тиш дарылоо бейтапканасынын кызматкерлери окуучуларга тишти сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков Майлуу-Суу шаардык тиш дарылоо бейтапканасынын башкы дарыгери Алибаев Алмазбек Гүлжигитович менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында тиштин гигиенасы жана тишти таза кармоонун шариаттагы ордуу тууралуу маектешүү жүрүп, окуу башталган сон мектеп окуучуларына тишти сактоо, оозду таза кармоо, мисвактын пайдалары темасынын алкагында жолугушууларды биргеликте уюштуруу керектиги белгиленди.

Мындан тышкары шаар хатиби тиш дарылоо бейтапкананын жаш дарыгерлери менен  жолугушуп, Исламда ооругандарга жардам берүү, дарылоо эң сооптуу амалдардан жана мусулман пенденин сыпаттары жөнүндө баяндама жасап, бейтапкананын дубалдарында  накыл кептер жазылган сөздөрдүн илинип тургандыгына баасын берип, жолугушууну уюштурууга салым кошкон бейтапкананын башкы дарыгерине  терең ыраазычылык билдирди.