Бишкектен акыркы каттам менен Медина шаарына учуп кеткен болочок ажылар Меккеге сапар тартышты

29-июлда Бишкек-Медина багыты боюнча Медина шаарына учкан Кыргызстандык ажылар бүгүн, 2-августта Мекке шаарына сапар алышты.  Учурда 294 болочок ажыны 6 ажы башчы жетектеп, ыйык Мекке шаарында аткарылуучу ажылыктын ибадаттары менен тааныштырууда.

Азыркы мезгилде биз болочок ажылар менен бирге  Медина шаарынан Мекке шаарына сапар алдык. Мекендештерибиз Зульхуляйфа деген жерге келип ихрамдарын байланып жатышат. Бардыгынын маанайлары жана ден соолуктары жакшы. Жолдо карай ажы башчылар убакытты туура пайдаланып сабак өтүп, Мекке менен Мединанын тарыхын айтып бараткан учуру,-деди жеринде КМДБнын маалымат бөлүмүнүн кызматкери Белек Нурланов.