Бүгүн, 1-августта Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы түз каттам башталды

Бүгүн, 1-августта Ош-Жидда багыты боюнча алгачкы түз каттам башталды. Алкагчкы  каттамдагы 300 жаран ажылык милдеттерин өтөө үчүн Сауд Арабиянын Жидда шаарына учуп кетишти. Ал эми кийинки каттам бүгүн түнкү саат 2:45те Ош Эл аралык аба майданынан учуп кетмекчи. Болочок ажыларды узатуу салтанатына Ош облусунун Мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев жана Ош шаарынын Мусулмандар казысы Убайдилла ажы Сарыбаев катышып, мекендештерибизге ак жол каалашты.

Учурда Сауд Арабиясында ажылык милдетин өтөө үчүн 3 миң ажы Мекке жана Медина шаарларына жеткирилген. Алдыдагы 8 каттам Ош-Жидда багыты боюнча Жидда шаарына учмакчы.