Медина шаарындагы Кыргызстандык болочок ажылар сүйүктүү Пайгамбарыбыз (САВ) тарабынан эң биринчи салган Куба мечитин зыярат кылышты

Куба мечити      Пайгамбарыбыздын (САВ) Медина шаарындагы мечитинен 10 километр Меккеге жакын жайгашкан. Куба мечитинин алгачкы курулушуна Пайгамбарыбыз (САВ) өзү иштеп, бул тарыхта эң биринчи мечит болуп калган.  Пайгамбарыбыз (САВ): «Кимде-ким Меданга келип, дааратын алып Куба мечитине келип 2 рекет намаз окуса умра кылгандын сообун алат» деп айткан. Мына ошондуктан ар бир ажылык сапарына барган инсандар сөзсүз түрдө Пайгамбарыбыздын (САВ) Кубадагы мечитин зыярат кылышып, 2 рекет намазын окушат.