Баткен облусунан ажылык сапарга аттанган болчок ажылардын алгачкы тобу бүгүн, 31-июлда Медина шаарына учуп кетишти

Бүгүн,  31-июль күнү саат 13:00дө Ош Эл аралык аба майданынан Ош-Мадина багыты боюнча Баткен облусунан ажыга баруучулардын алгачкы тобу Сауд Арабиясынын Медина шаарына учуп кетишти.  Баткен облусунан ажыга баруучулардын алгачкы тобун узатуу саамалыгына «Нумани» борбордук мечитинде өтүп, иш чарага КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Алыбаевич, Баткен шаарынын мэри Мамыржан Тойчуевич, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов, Баткен облусунун казысы Пазылажы Султанмуратов  жана шаар, райондун баш имамдары катышты.

Жалпы катышуучулар болочок ажыларга ыйык жерде мамлекетибиздин, эл-жер жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн дуба тилектерди кылып, аман-эсен кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирди. Ал эми Азирети муфтийдин  түштүк аймагы боюнча кеңешчиси Махманаби ажы Арзыкулов менен Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов  ажылык иштери бир топ алдыга жылып, жылдан-жылга ажылык иши жакшыруу менен ажылар үчүн жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Ажылык сапарына барууну насип эткен Жаратканга чексиз ыраазымын жана бардык мусулмандарга ажылыкка баруу насип кылсын,- деди болочок ажы Гламидин Абдурахманов.

Баткен облусунан жалпы 592 адам ажылык сапырна барып, болочок ажыларды атайын сынактан өткөн ажы башчылар  коштоп бармакчы. Ажыга аттанган кыргызстандыктарды Сауд Арабиясынын Flynas абакомпаниясы ташып жатат.