Азирети Муфтий жана КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нарын медресесинин ишмердүүлүгү жана андагы шарттар менен таанышып чыгышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов менен биргеликте Нарын медресесинин ишмердүүлүгү жана анда каралган шарттар менен таанышып чыгышты. Облус казысы Мамбетасан ажы Ибараев окуу жай демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашкандыгын жана анда студенттер үчүн бардык шарттар каралгандыгын билдирди. Ал эми бардык талаптарга шайкеш келген диний окуу жайга облус жетекчиси жана Азирети Муфтий өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдирүү менен мында каралган бардык шарттарды башка диний окуу жайларга дагы жайылтуу керектигин билдиришти.

Нарын медресенинде кошумча ашпозчулук боюнча билим берилип, учурда кошумча кесипке ээ болгон окуучулар өз алдынча жумуш табууга дагы үлгүрүшкөн. Муну менен катар нарын медресесинде жатакана, ашкана, китепкана, компьютердик класс, эс алуучу бөлмөлөр, дарсканалар жана жыйындар залы каралган.