Ыйык Мекке шаарындагы болчок ажылар ыйык жайларды зыярат кылышып, Меккенин тарыхы менен таанышууда

Ыйык Мекке шаарындагы болчок ажылар «Ухуд» тоосуна, Куба мечитине, эки кыблалуу мечитке зыярат кылышууда. Бул туурасында ажы башчы Кубанычбек ажы Токонов кабарлады. Ажы башчы Кубанычбек ажы Токоновдун айтымында учурда мекендештерибиздин маанайлары абдан жакшы, себеби тамак-аш убагында берилип,  ажылык сапар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн.

“Жаратканым буюрса быйыл жакшы шарттар түзүлүптүр. Ажыларыбыздын маанайлары жакшы жана бош убакытты теккер кетирбестен ыйык жайларды жеринде тааныштырып, сабактарды өтүүдөбүз”,-дейт Кубанычбек ажы Токонов.