Нарындагы дин кызматкерлерине жана мекеме жетекчилерине жаңы басылмалар белек кылынды

Ош мамлекеттик университетинин теология факультети Нарын облусундагы имамдарга жана мекеме жетекчилерине Куран китебинин кыргызча котормосун жана «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китеп таратты. Китеп таратуу иш чарасына облустун аймагындагы райондук баш имам хатибдер, мечит имамдары, Нарын шаарындагы мекеме жетекчилери жана укук коргоо кызматкерлери катышты. Китепти даярдап жана басып чыгарган «Түркия Дианет» фондунун өкүлү жана ОшМУнун теология факультетинин деканынын орун басары, доцент Ферхат Гөкче баштаган коноктор жана Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Улан Карыбекович өздөрүнүн жакшы пикирлерин айтышты. Иш чара алкагында облус аймагындагы диний кызматкерлерге жана мекеме жетекчилерине, медресенин китепканасына Куран китебинин кыргызчасынан 300 даана, «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу 7 томдук китептин 50 даанасы жана факультеттин алдында буга чейин басылып чыккан 50 түрдүү китептер белек кылынды.

4 жыл бою даярдалып, калың мукабасы менен басылып чыккан китептер Кудай буюрса кыргыз бир туугандарыбызга жардамын тийгизет деген ойдобуз»,- дейт «Хадистердин негизинде Ислам» аттуу китептердин жооптуу редактору Ферхат Гөкче.