Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Баткен облусунун казысы менен жолугушуп, аймактагы диний абалды талкуулашты

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов Баткен облусунун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  менен жолугушуп, аймактагы диний кырдалды талкуулашты. Жолугушуу алкагында Ниязали ажы Арипов Пазыл ажы Султанмуратовду кайрадан Баткен облусунун мусулмандарынын казысы  кызматтына  дайындалуусу менен куттуктады. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы аткарылып жаткан иштер, диний кырдаал жана казыяттын 2018-жылдагы иш пландары менен таанышты. Ал эми казыят тарабынан айтылган бир катар маселелерди чечүү боюнча Ниязали ажы Арипов Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин жыйынында сунуш кыла тургандыгын билдирди. Жолугушуунун  соңунда Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Ниязали ажы Арипов облус казысына бир топ диний китептерди белекке берип, ишине ийгилик каалады.