Муфтият Көк-Жар конушундагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга садака-фитирден 65500 сом таратты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунда жашаган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 65 миң 500 сом таратты.  Садака-фитир таратуу иш чарасына Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев, КМДБнын чарбалык бөлүм башчысы Алимбай ажы Эргешов, КМДБнын эсепчиси Султан ажы Момунов катышып, акча каражаттары Рамазан айында элден чогулган садака-фитирдин эсебинен таратылып жаткандыгын айтышты.

Иш чара алкагында Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев кайрымдуулук кылуу улуу сооптордон экендигин айтып, колунда бар жарандар муктаждарга ар убакта жардам берип туруусу оор турмуш кечирип жаткандарга чоң жардам болоорун билдирди.

1-сом болсо дагы жардамыбызды берип, муктаждарга колдоо көрсөтүп туруубуз керек. Садака берүү менен инсандын жан дүйнөсү тазарып, анын мал-мүлкүнө береке келет,-деди Жоробай ажы Шергазыев.

Бул күнү жалпысынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 90 жаранга акчалай жардам тапшырылып, бул саамалык мындан ары карылар жана балдар үйлөрүнө уланмакчы.