Бир минута…

Бир минута аралыгында “Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла иллаха иллаллаху валлаху акбар”  ( سُبْحَانَ اَللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ وَلاَ اِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَ اللهُ اَكْبَرُ ) келимесин 18 жолу айтууга мүнкүн. Абу Хурайра (разияллоху анху) дан риваят кылынат. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Субханаллахи валхамдулиллахи ва ла иллаха иллаллаху валлаху акбар”  ( سُبْحَانَ اَللهِ وَالْحَمْدُ لِلهِ وَلاَ اِلَهَ إِلاَّ اللهُ وَ اللهُ اَكْبَرُ ) деп айтуу мен үчүн күн чыгып, нурун чачкандан жакшыраак деди”(Имам Муслим) риваяты.Бул келиме акырет таразасында оор келүүчү Аллах сүйгөн келиме.

Бир минута аралыгында   “Субханаллахи ва бихамдихи”  ( سُبْحَانَ اللَّهِ وَبِحَمْدِهِ) келимесин 100 жолу айтууга болот. Имам Бухарий, Имам Муслим жана Имам Термизий рываяттында мындай деп айтылат бул келимени айткан кишинин күнөөлөрү деңиздин көбүгүнчө болсо да кечирилери айтылган.

Жабир (разияллоху анху) дан риваят кылынат Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Зикирлердин эң абзели  «Лаа илаха иллаллох» ( لا اله الا الله  ) деди (Имам Термизий рываяты) Бир минута аралыгында бул келимени 50 жолуга чейин айтса болот.

Бир минута аралыгында   50 жолуга жакын салават айтууга.Көп салават айтуу менен  “Салла̄лла̄́ху ‘алайхи васаллам” ( صلى الله عليه وسل) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  шафаатына ылайык болуу мүнкүн. Анас ибн Малик (разияллоху анху) дан риваят кылат Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) “Ким мага бир жолу салават айтса, Аллах ага 10 жолу салават айтат жана 10 катасын өчүрөт”- деди”

Бир минута аралыгында “Астагфируллах” ( أستغفر الله ) келимесин 100 жолуга чейин айтууга болот. Ибн Аббас (разияллоху анху) Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)  мындай дегенин кабарлайт: “Ким Аллахтан такай кечирим сурап жүрсө Аллах ага ар түрдүү абалдардан чыга турган жол таап берет; анан ар кандай кайгысын жеңилдетет жана ал күтпөгөн тараптардан ага ырыскы жиберип турат.

Өмүрүбүздүн ар бир минутасы кадырлуу, минутабыз эмес күнүбүздү да өз пайдабызга иштетели.

Даярдаган:Авлиёев Фуркат.  Баткен Казыятынын кадрлар, катчылык жана маалымат адиси