Пайгамбарларга ыйман келтирүү

Набий жана расулдарга ыйман келтирүү

Бизге Аллах таала Өз китебинде айткан пайгамбарларга жана алардын ысымдарына ошондой эле алардын санын жалаң Өзү билчү пайгамбарларды жибергенине да ыйман келтирүүбүз шарт. Аллах Таала инсандардын ичинен Өзүнө пайгамбар тандап алуусунун өзү, инсаният үчүн чоң сыймык.  Аллах Таала инсандарды ак жолго чакыруучу элчини периштеден эмес балким адам баласынан болуусун каалады. Эгер Аллах периштелерден пайгамбар жибергенде адамдар: “Ээ бул периште да! Биз болсо жөнөкөй адамбыз. Биз жеп ичебиз, аял, бала-чакабыз бар, эми кантип Аллахка ушул периште айткандай ибадат кылабыз?”, деп шылтоо кылышмак.  Бирок адам баласынан болгон пайгамбарлар алардын мындай шылтоолоруна жооп иретинде: “Мен да жеп ичемин, менин да үй-бүлөм бар. Ошентсе да мен Аллахтын буйруктарына моюн сунуп ибадат кылып жатам го! Неге силер ибадат кылбайсыңар!”-дейт. Пайгамбар инсандардан болсо, эч ким эч кандай шылтоо көрсөтө албайт.

Адам атадан Мухаммад алайхис саламга чейин болгон пайгамбарлардын санжырасы, инсанияттын эң сыймыктуу санжырасы делинет. Алардын кээ бирине китеп, кээ бирине динди толуктоочу вахий аркылуу инсанияттын колунан келбеген, пайгамбарлыкты тастыктоочу илахий муьжизалар берип жиберди.

Аллахтын пайгамбарларына ыйман келтирүү да Аллахтын Өзүнө болгон ыймандан келип чыгга турган ыйман. Себеби Пайгамбарларга ыйман келтирүүгө Аллах Тааланын Өзү буюрган. Аллахка ишенген Пайгамбарына да ишенүү керек. Куранда келген пайгамбарлардын бирөөсүнө эле ишенбеген адамдын мусулмандыгы калбайт.

Пайгамбарлар күнөөдөн сакталган. Пайгамбарлар аманаткөй болушат. Пайгамбар жалаң эркек кишиден болот.

Аллах таала айтат:

﴿ وَمَا أَرْسَلْنَا من قَبْلِكَ إِلاَّ رِجَالاً نُوحِي إِلَيْهِمْ ﴾

«(Эй Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам), Биз сизден (сизди пайгамбар кылып жиберишибизден) мурда да (периштелерди эмес, балким) жалаң (сиз сыяктуу) эркек кишилерди — инсандарды гана Өзүбүз түшүргөн вахий менен (пайгамбар кылып) жибергенбиз… » («Нахл» сүрөсү, 43-аят)

﴿ رُسُلاً مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لأَلاَّ يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى اللَّهِ حُجَّةٌ بَعْدَ الرُّسُلِ وَكَانَ اللَّهُ عَزِيزاً حَكِيماً ﴾

«Жакшы кабарларды сүйүнчүлөөчү жана эскертүүчү Пайгамбарларды Аллахтын алдында адамдарга Пайгамбарлардан соң Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн жибергенбиз. Аллах Азиз жана Даанышман» («Ниса» сүрөсү, 165-аят)

﴿ وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِي كُلِّ أُمَّةٍ رَسُولاً أَنْ اُعْبُدُوا اللَّهَ وَاجْتَنِبُوا الطَّاغُوتَ ﴾

«Чындыгында, ар бир коомго: «Аллахка гана сыйынгыла. Башка «кудайлардан» оолак болгула»,-деп айтуучу пайгамбар жибергенбиз» («Нахл» сүрөсү, 36-аят).

Пайгамбарларга ыйман келтирүүнүн ичине кирчү айрым нерселер:

Биринчи: пайгамбарлардын пайгамбарлыгы Аллах Тааланын даанышмандыгы жана каалоосу менен болгондугуна ишенүү.

Аллах таала айтат:

﴿ وَإِذَا جَاءَتْهُمْ آيَةٌ قَالُوا لَنْ نُؤْمِنَ حَتَّى نُؤْتَى مِثْلَ مَا أُوتِيَ رُسُلُ اللَّهِ. اللَّهُ أَعْلَمُ حَيْثُ يَجْعَلُ رِسَالَتَهُ ﴾

«Качан аларга аяттарыбыз келгенде: «Аллахтыни элчилерине берилгендер бизге да берилмейинче, эч качан ишенбейбиз»,- дешет. Аллах Өз элчилигин кимге тапшырууну жакшы билет» («Анъам» сүрөсү, 124-аят)

﴿ وَقَالُوا لَوْلا نُزِّلَ هَذَا الْقُرْآنُ عَلَى رَجُلٍ مِنْ الْقَرْيَتَيْنِ عَظِيمٍ . َهُمْ يَقْسِمُونَ رَحْمَةَ رَبِّكَ نَحْنُ قَسَمْنَا بَيْنَهُمْ مَعِيشَتَهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَرَفَعْنَا بَعْضَهُمْ فَوْقَ بَعْضٍ دَرَجَاتٍ لِيَتَّخِذَ بَعْضُهُمْ بَعْضاً سُخْرِيّاً وَرَحْمَةُ رَبِّكَ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ ﴾

«Алар: «Бул Куран эки  (улуу) калаадан (Мекке жана Таифтин биринен) болгон улуу адамга түшсө болмок»-дешти. Роббиңдин сага берген ырайымын (пайгамбарлыгын) ошолор бөлүштүрөт бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз. Кээ биринен кээ биринин даражасын бийик кылып койдук. Роббиңдин ырайымы (пайгамбарлык) алар чогулткан нерселерден (мал-дүйнөдөн) жакшыраак» («Зухруф» сүрөсү, 31-32-аяттар).

Экинчи: Аллахтын бүт пайгамбарларына ысымдарын билгендерибизге ысымдары менен, билбегендерибизге жалпылык түрдө ыйман келтирүү.

Аллах таала ысымдарын биз билген пайгамбарларды, Ибрахим алайхис саламды эстегенден соң айтты:

﴿ وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَقَ وَيَعْقُوبَ كُلاًّ هَدَيْنَا وَنُوحاً هَدَيْنَا مِنْ قَبْلُ وَمِنْ ذُرِّيَّتِهِ دَاوُودَ وَسُلَيْمَانَ وَأَيُّوبَ وَيُوسُفَ وَمُوسَى وَهَارُونَ وَكَذَلِكَ نَجْزِي الْمُحْسِنِينَ. وَزَكَرِيَّا وَيَحْيَى وَعِيسَى وَإِلْيَاسَ كُلٌّ مِنْ الصَّالِحِينَ. وَإِسْمَاعِيلَ وَالْيَسَعَ وَيُونُسَ وَلُوطاً وَكُلاًّ فَضَّلْنَا عَلَى الْعَالَمِينَ ﴾

«Ага (Ибрахимге перзенттери) Исхак жана  Яъкуб-ту белек кылдык. Биз аларды туура жолго багыттадык. Ага чейин биз Нухту жана анын урпагынан Даудду, Сулайманды, Айюбту, Юсуфту, Мусаны жана Харунду түз жолго салдык. Жакшылык кылуучуларды биз ушинтип сыйлайбыз. Закария, Яхя, Иса жана Илясты (да туура жолго баштадык) бардыгы салих (такыба) адамдардан. Ысмайыл, Ал-Ясаь, (Юушаь) Юнус жана Лутту да (туура жолго баштадык). Бардыгын (пайгамбарлык менен) ааламдардан абзел кылдык». («Анъам» сүрөсү, 84 —85- 86-аяттар)

Буларга кошо Адам, Идирис, Худ, Салих, Шуьайб, Зул-Кифл жана Мухаммад алайхис саламдар бар.

﴿ وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلاً مِنْ قَبْلِكَ مِنْهُمْ مَنْ قَصَصْنَا عَلَيْكَ وَمِنْهُمْ مَنْ لَمْ نَقْصُصْ عَلَيْكَ ﴾

«Биз сага чейин да пайгамбарларды жөнөткөнбүз. Алардын кээ бирлери жөнүндө Биз сага айтканбыз, айрымдарын жөнүндө айткан жокпуз» («Гаафир» сүрөсү, 78-аят).

Пайгамбарлардын бардыгына ыйман келтирүү фарз. Анткени, алардын даъваты бирдей. Аллах таала айтат:

﴿ شَرَعَ لَكُمْ مِنْ الدِّينِ مَا وَصَّى بِهِ نُوحاً وَالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ وَمَا وَصَّيْنَا بِهِ إِبْرَاهِيمَ وَمُوسَى وَعِيسَى أَنْ أَقِيمُوا الدِّينَ وَلا تَتَفَرَّقُوا فِيهِ ﴾

«Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Исага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле»-деп вахий кылганбыз… »

(«Шуура», сүрөсү, 13-аят).

Ошондуктан алардын бирөөсүнө каапыр болуу баарына каапыр болуу менен барабар.

Аллах таала айтат:

﴿ كَذَّبَتْ قَوْمُ نُوحٍ الْمُرْسَلِينَ ﴾

«Нухтун (алайхис салам) коому пайгамбарларды жалганчыга чыгарды»

(«Шуъара» сүрөсү, 105-аят).

Нух алайхис салам расулдардын эң биринчиси. Демек, пайгамбарлар арасын бөлүү жана алардын айрымдарына гана ыйман келтирүү мүмкүн эмес. Мындай кылган адам каапыр болот. Аллах таала айтат:

﴿ إِنَّ الَّذِينَ يَكْفُرُونَ بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيُرِيدُونَ أَنْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ اللَّهِ وَرُسُلِهِ وَيَقُولُونَ نُؤْمِنُ بِبَعْضٍ وَنَكْفُرُ بِبَعْضٍ وَيُرِيدُونَ أَنْ يَتَّخِذُوا بَيْنَ ذَلِكَ سَبِيلاً . أُوْلَئِكَ هُمْ الْكَافِرُونَ حَقّاً وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَاباً مُهِيناً . وَالَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرُسُلِهِ وَلَمْ يُفَرِّقُوا بَيْنَ أَحَدٍ مِنْهُمْ أُوْلَئِكَ سَوْفَ يُؤْتِيهِمْ أُجُورَهُمْ وَكَانَ اللَّهُ غَفُوراً رَحِيماً ﴾

«Акыйкатта, Аллахка жана Анын пайгамбарларына ишенбегендер жана Аллах менен пайгамбарларынын ортосун ажыратууну каалагандар: «Биз (пайгамбарлардын) кээ бирине ишенебиз да, кээ бирине такыр ишенбейбиз»,-деп ортодо арсар жолду карманууну каалашат. Алар анык каапырлар. Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдап койгонбуз! Аллахка жана Анын пайгамбарларына ишенгендер, алардан эч кимисин ажыратып бөлүп салбагандардын сыйлыктарын Аллах аларга жакында берет жана Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу» («Ниса» сүрөсү, 150 —151- 152-аяттар).

Үчүнчү: Пайгамбарлардын Аллахтын алдынан келтирген кабарларын тастыктоо жана аларды кабыл кылуу.

Аллах таала айтат:

﴿ يَا أَيُّهَا النَّاسُ قَدْ جَاءَكُمْ الرَّسُولُ بِالْحَقِّ مِنْ رَبِّكُمْ فَآمِنُوا خَيْراً لَكُمْ وَإِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَوَاتِ وَالأَرْضِ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيماً حَكِيماً ﴾

«О, адамдар! Пайгамбар силерге акыйкатты  Роббиңерден алып келди, эми ага ыйман келтиргиле-өзүңөргө жакшы болот. Эгер каапыр болсоңор, (мындан Аллахка эч кандай зыян жок. Анткени,) асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык. Аллах-Билүүчү, Даанышман» («Ниса» сүрөсү, 170-аят)

﴿ وَالَّذِي جَاءَ بِالصِّدْقِ وَصَدَّقَ بِهِ أُوْلَئِكَ هُمْ الْمُتَّقُونَ ﴾

«Ал эми чын сөздү алып келген адам (Мухаммад с.а.в.) менен аны тастыктаган адамдар (момундар)-дал ошолор гана такыба пенделер» («Зумар» сүрөсү, 33-ааят)

﴿ وَالنَّجْمِ إِذَا هَوَى . مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمْ وَمَا غَوَى . وَمَا يَنْطِقُ عَنْ الْهَوَى . إِنْ هُوَ إِلاَّ وَحْيٌ يُوحَى . عَلَّمَهُ شَدِيدُ الْقُوَى ﴾

«Батып бара жаткан жылдызга ант! (Эй курайш мушриктери!) силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес. Ал өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөйт. Ал сүйлөгөн сөздөр (Аллахтан келген) вахий кабарынан башка нерсе эмес. Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жабраил периште) үйрөткөн» («Нажм» сүорөсү, 1-2-3-4 – 5-аяттар).

Мурунку пайгамбарлар жөнүндө Аллах Таала Өзүнүн ыйык китеби Куранда баян кылган жана сүйүктүү элчиси Мухаммад с.а.в.дын сүннөтүндө сахих болгон кабарларды тастыктоо да шарт. Ал эми, алар (пайгамбарлар) жөнүндө исраилиятда (иеудизмде) келген кабарларга болсо, жогоруда китептерге ыйман келтирүү жолдору айтылгандай өкүмдөр менен өкүм кылынат.

Пайгамбарыбыз соллаллоху алайхи ва салламга таандык болгон риваяттардын сахих же алсыз (заьийф) экендигин айырмалоочу мухаддис аалымдар тарабынан негизделген эрежелер бар. Алардын сахих болгондорун кабыл кылып, аларга амал кылуу важиб болот.

Төртүнчү: Пайгамбарларга итаат кылуу, аларды ээрчүү жана бир нерсеге өкүм чыгаруу үчүн аларга кайрылуу.

Аллах таала айтат:

﴿ وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ رَسُولٍ إِلاَّ لِيُطَاعَ بِإِذْنِ اللَّهِ ﴾

«Биз ар бир пайгамбарды, Аллахтын уруксаты менен ага моюн сунулуш үчүн жибердик»  («Ниса» сүрөсү,  64-аят).

Ар бир калктын өзүнө жиберилген пайгамбарга моюн сунуп, аны ээрчүү фарз. Пайгамбарлардын эң акыркысы Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам болгондугунан, анын шарияты өзүнөн мурда жашап өткөн бүт пайгамбарлардын шариятын бекер кылды. Ага моюн сунуу жана аны ээрчүү анын кабарын уккан ар бир адамга фарз.

Аллах таала айтат:

﴿ الَّذِينَ يَتَّبِعُونَ الرَّسُولَ النَّبِيَّ الأُمِّيَّ الَّذِي يَجِدُونَهُ مَكْتُوباً عِنْدَهُمْ فِي التَّوْرَاةِ وَالإِنجِيلِ يَأْمُرُهُمْ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَاهُمْ عَنْ الْمُنكَرِ وَيُحِلُّ لَهُمْ الطَّيِّبَاتِ وَيُحَرِّمُ عَلَيْهِمْ الْخَبَائِثَ وَيَضَعُ عَنْهُمْ إِصْرَهُمْ وَالأَغْلالَ الَّتِي كَانَتْ عَلَيْهِمْ فَالَّذِينَ آمَنُوا بِهِ وَعَزَّرُوهُ وَنَصَرُوهُ وَاتَّبَعُوا النُّورَ الَّذِي أُنزِلَ مَعَهُ أُوْلَئِكَ هُمْ الْمُفْلِحُونَ . قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعاً الَّذِي لَهُ مُلْكُ السَّمَوَاتِ وَالأَرْضِ لا إِلَهَ إِلاَّ هُوَ يُحْيِ وَيُمِيتُ فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ النَّبِيِّ الأُمِّيِّ الَّذِي يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَكَلِمَاتِهِ وَاتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمْ تَهْتَدُونَ ﴾

«Ал адамдар (өз убактысында) сабатсыз (жаза жана окуй албаган, эч кимден сабак окубаган, бардык илими Аллахтан келген) элчи-пайгамбарды ээрчишет. Ал ушундай пайгамбар: (яхудийлер менен христиандар)  аны өздөрүнүн Тоорат, Инжилдеринде (аты) жазылуу экенин табышат. Ал аларды (өзүнө ээрчигендерди) жакшылыктарга буюруп, жамандыктардан кайтарат. Аларга таза_пакиза нерселерди адал, ыпылас нерселерди арам кылып, үстүнөн машакаттарын, оор ибадаттарын алып таштайт. Эми, ошол пайгамбарга ыйман келтирип, аны урматтап, ага түшүрүлгөн нурду ээрчиген адамдар, ошолор гана (Тозоктон) кутулуучулар! Айт: « О, адамдар! Мен силердин баарыңарга Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал жан алат жана жан берет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи-пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүдөн үмүтүңөр болсо, ошону гана ээрчигиле»

 (Аъраф: 157 – 158-аяттар)

﴿ قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمْ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ . قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ لا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ ﴾

«Айт: «Эгер аллахты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди да сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах-Кечиримдүү, Мээридүү». Айт: «Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула»! Эгер жүз бурушса, Аллах каапырларды сүйбөйт!  («Али Имран» сүрөсү, 31-32-аяттар)

﴿ فَلا وَرَبِّكَ لا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجاً مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيماً ﴾

«Жок, Роббиңе ант, алар качан өз-ара жаңжалдарын жөнгө салуу үчүн сени аким-өкүмдар кылмайынча, кийин ошол сен чыгарган өкүмгө жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча ыймандуу боло алышпайт! » («Ниса» сүрөчү, 65-аят).

Бешинчи: Пайгамбарларды сүйүү, чыныгы дос тутунуу жана ардактоо.

Аллах таала айтат:

﴿ إِنَّمَا وَلِيُّكُمْ اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ رَاكِعُونَ وَمَنْ يَتَوَلَّ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالَّذِينَ آمَنُوا فَإِنَّ حِزْبَ اللَّهِ هُمْ الْغَالِبُونَ ﴾

«(О, момундар!) силердин досуңар_Аллах, анын пайгамбары жана ыйман келтиргендер. Алар моюн сунган абалда намазды толук аткарышат жана зекетти беришет. Ким Аллахты, Анын пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса (алар Аллахтын жамааты болуп саналат) Албетте, Аллахтын жамааты гана жеңүүчү!» («Маида» сүрөсү, 55-56-аяттар)

﴿ فَلَمَّا أَحَسَّ عِيسَى مِنْهُمْ الْكُفْرَ قَالَ مَنْ أَنْصَارِي إِلَى اللَّهِ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنْصَارُ اللَّهِ آمَنَّا بِاللَّهِ وَاشْهَدْ بِأَنَّا مُسْلِمُونَ ﴾

«Иса алардан каапырлыкты сезип: «Аллах жолунда мага ким жардамчы болот?»-деди. Хаварийлер: «Биз Аллах үчүн жардамчыбыз. Аллахка ыйман келтирдик. Биздин (толук) мусулман болгонубузга күбө бол»,-дешти»  («Али Имран» сүрөсү, 52-аят)

﴿ قُلْ إِنْ كَانَ آبَاؤُكُمْ وَأَبْنَاؤُكُمْ وَإِخْوَانُكُمْ وَأَزْوَاجُكُمْ وَعَشِيرَتُكُمْ وَأَمْوَالٌ اقْتَرَفْتُمُوهَا وَتِجَارَةٌ تَخْشَوْنَ كَسَادَهَا وَمَسَاكِنُ تَرْضَوْنَهَا أَحَبَّ إِلَيْكُمْ مِنْ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَجِهَادٍ فِي سَبِيلِهِ فَتَرَبَّصُوا حَتَّى يَأْتِيَ اللَّهُ بِأَمْرِهِ وَاللَّهُ لا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ ﴾

«(Эй Мухаммад), айтыңыз: «Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жубайларыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын пайгамбарынан жана Аллахтын жолунда жихад кылуудан да сүйүктүүрөк болсо, анда… Аллах (силерге) Өз ишин (азабын) алып келишин күтө бергиле! Аллах бузуку коомду түз жолго баштабайт! » («Тавба» сүрөсү, 24-аят)

﴿ وَسَلامٌ عَلَى الْمُرْسَلِينَ ﴾

«Расулдарга саламдар болсун!» («Соффат» сүрөсү, 181-аят)

Аллах Таала пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллоху алайхи ва саллам жөнүндө мындай дейт:

﴿ لِتُؤْمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُعَزِّرُوهُ وَتُوَقِّرُوهُ وَ تُسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَ أَصِيلًا ﴾

«Силер Аллахка, Анын пайгамбарына ыйман келтирүүңөр үчүн, аны урматтап, кадырлап жүрүшүңөр үчүн жана Аны (Аллахты) эртели-кеч аруулап турушуңар үчүн (силерге пайгамбар жибердик)» (»Фатх» сүрөсү, 9-аят)

﴿ إِنَّ اللَّهَ وَمَلائِكَتَهُ يُصَلُّونَ عَلَى النَّبِيِّ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا صَلُّوا عَلَيْهِ وَسَلِّمُوا تَسْلِيماً ﴾

«Албетте Аллах да, Анын периштелери да пайгамбарга дуа-салават айтышат. Эй момундар, силер да ал затка салават-салам айткыла!» («Ахзаб» сүрөсү, 56-аят).

Расулуллах соллаллоху алайхи ва саллам айтат: «силердин бирөөңөр Мен ага ата-энеси, перзенти жана бүт адамзатынан көрө сүйүктүүрөк болмоюнча толук момун боло албайт» (Муттафакун алайх).

 

Макаланы даярдаган:

КМДБнын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев.