Тагдыр маселесиндеги ыймандын өкүмү

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИИМ.

Бүткүл ааламдын жаратуучусу болгон Аллах Таалага чексиз мактоолор болсун

ТАГДЫР МАСЕЛЕСИНДЕГИ ЫЙМАНДЫН ӨКҮМҮ

Тагдырга ыйман келтирүү ишенүү ыймандагы жети шарттын бирөөсү.

Чындыгында узак замандардан бери адамдардын арасында тагдырдын маселесинде тартышуулар болуп келет. Жада калса Пайгамбарыбыздын  САВ доорунда да болгон жана бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул маселени бизге ачык айкындап берген, эч кандай талаш тартышка орун жок десек туура болот. Тагдырга ишенүү Алла  Таала бардык нерсенин тагдырын тагдырлап койгонуна ишенүү, ыйман келтирүү.

و خلق كل شيء فقدره تقديرا    (фуркан 2)

«Аллах Таала бардык нерселерди жараткан жана белгилеп өлчөп койгон».

Аятта айтылгандай бул тагдырлоо Алла  Тааланын хикматына байланыштуу болуп эсептелет. Тагдырга ыйман келтирүү 4 нерсеге толук ыйман келтирүү менен бекемделет.

1-БИЛҮҮЧҮ:   

Алла  Таала бардык нерсени билип тураарына толук ишенүү керек. Чындыгында болуп өткөн же учурда болуп жаткан же келечекте боло турган кыймыл аракеттердин бардыгы Алла  Тааланын же маклуктардын кыймыл аракетине тиешелүү, ал аракеттерди Алла  Таала эзелтеден жана түбөлүктүү билүүчү сыпаты менен билип турат. Ыйык Куранда айтылгандай.

ان الله لا يخفي عليه شيء في الارض و لا في السماء              (Алимрон 5)

   «Чындыгында Аллах үчүн жерде да асманда да жашыруун нерсе жок».

2- ТАГДЫРЛООЧУ:  

Алла  Таала кыяматка чейинки бардык нерсенин тагдырын жазып койгон деп ыйман келтирүү. Себеби, Алла  Таала калемди    жаратып аны жаз деп буйруган – калем эмнени жазам дегенде Алла  Таала азыртан баштап кыяматка чейинки бардык нерсени жаз деп буюрду. Ошондо Алла  Таала бардык нерсенин тагдырын лавхул махфузга жазды.

Ыйык Куранда айтат.

الم تعلم ان الله يعلم ما في السماء و الارض ان ذلك في كتاب ان ذلك علي الله يسير            ( Хаж 70)

«Аллахтын жердеги асмандардагы нерселердин (баарын) биле турганын билбейсинби? Албетте, булар китепте (лавхул махфуз) жазылуу. Чындыгында бул (эчнерсе калтырбай баары тууралуу билүү) Аллахка жеңил».

3-КААЛООЧУ:  

Эмне нерсе болсо же болгон, болсо ал Алла  Тааланын каалоосу менен болгонуна толук ишенүү. Ал нерселер Аллах тараптан болсо да же макулуктар тараптан болсо да Алла  Тааланын каалоосу менен гана болот. Себеби Алла Таала Куранда мындай деген.

و يفعل الله ما يشاء

«Аллах эмнени кааласа ошону кылат».

4-ЖАРАТУУЧУ:  

Алла Таала бүткүл ааламдын жаратуучусу экендигине толук ишенүү, ыйман келтирүү. Ушул жокорудагы төрт шартка толук ишенгенибизде биздин тагдыр Алла  Тааладан болуусуна болгон ыйманыбыз дагын да бекемделет.

Алла  Таала адамзатты жаратып, ага эрк берген туура жана туура эмес жолду тандоо инсандын өзүнүн эркинде болот. Эгер бирөө тура эмес жолдордо жүрүп, оор тагдырларга туш келсе Алла  Таала мага ушундай оор тагдыр берди деп капаланбаш керек. Себеби ал ошондой тагдырга себеп болуучу туура эмес жолдордо жүрдү, ал эми экинчи бир киши туура жолду бек кармап жүрүп, оор тагдырга туш келсе ал Алла  Тааланын сыноосу ага сабыр кылуу зарыл.

Айтайын дегеним, ар кандай тагдырдын жүзөгө ашуусу үчүн анын себептери болуусу керек. Бир киши үйлөнбөй туруп менин тагдырыма перзент көрүү жазылбаптыр дегенге окшош же болбосо бир киши аракты оз колу менен ичип алып менин тагдырыма ушинтип мас болуу жазылыптыр дегендей.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз  ( САВ ) тагдыр маселесинде өтө терең талкуудан кайтарган. Албетте, ыймандуу инсандар жакшылык да жамандык да Алла  Тааладан деп билгендер.

 

Макаланы даярдаган:

 КМДБнын даават, үгүт-насаат жана жаштар, аялдар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Султанали ажы Гапуров