Үй – бүлө өтө чоң байлык

Жалгыздык Ага гана жарашкан, калгандын баарын жараткан, мээрим төгүп пендеге, Ислам динин тараткан Аллах Таалага чексиз мактоолорду айтып, Анын сүйүктүү элчиси, калктын мыкты үлгүсү, үммөттүн чыныгы сүйүктүүсү болгон Пайгамбарыбызга (с.а.в) салаваттарды тилеп кеткенден кийин…

Урматтуу, менин мусулман бир тууганым! Менин бүгүнкү айтар сөзүм үй бүлөнү чыңдоо жана аларды адал ырыскы менен багуу жөнүндө болмокчу.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) мындай деп айтат:

خيركم خيركم لأهله

«Өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан».)Тирмизи)

وَ أَنَا خَيْرُكُمْ لِأَهْلِي

«Жана бул маселеде менин үлгүм баарыӊардан жакшыраак, мен өз үй-бүлөмө баарыӊардан жакшыраак мамиле кылам. (Тирмизий, Китаабул-Мунаакиб, Баабу Фазли Азваажун-Набийи(сав) 3895-хадис)

Үй бүлө бул – аманат

Аллах Таала Курани Каримде толук бактылуу болгон момун мусулмандардын сыпаттарын айтып жатып, төмөнкү сөздү да айткан:

و الذين هم لأماناتهم و عهدهم راعون

Мааниси: «Алар өз аманаттарын жана убадаларын аткарышат». (Муминун 8)

Бул аяттын түшүнүгүн Куранды чечмелөөчү аалымдар мындай деп айтышкан: «Аллах Таала аятта эң биринчи аманат жөнүндө айтты. Бул дегени Аллах Таала пенделерге берген бардык аманаттарга бекем болуу. Тагыраак айтканда намаз, орозо, зекет жана башка бардык ибадаттар, булар эле эмес балким айланадагы элдер менен мамиле кылуу, алардын акыларын берүү дагы аманатка кирет. Мисалы: Аял, бала – чака, үй – бүлө жана тууган – урук. Эгер алар менен туура, сылык мамиле кылбастан, тескерисинче анын бузулуусуна себеп болуп, өз жакындарыбыздын акыларын бербесек анда аманатка кыянат кылган болуп калабыз. Натыйжада, Аллах бизден талап кылгандай сапаттарды жашообузга алып келбеген себептүү бактылуу болгондордун катарына кирбей калышыбыз алыс эмес. Ошондуктан, баарыбыз аманаттарга бекем болушубуз керек.

Ал эми эң эле зарыл болгон аманат – ал бизге берилген үй – бүлө. Адам баласы калган макулуктардан айырмаланып, эң биринчиден өмүрлүк жары жана жанынан артык көргөн балдарынан түзүлгөн үй – бүлөнү чыңдоо зарыл.

Балдарга жакшы мамиле кылуу

Абу Хурайрадан (р.а) риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) Хасан жана Хусейнди (р.а) өпкүлөп (эркелетип) жатканда анын жанынан Акраъ бин Хаабис да бар эле. Ошондо Акраъ: «Менде он балам бар мен алардын бирин да өппөймүн» деди. Анда Пайгамбарыбыз (с.а.в) ага карап: «Ким ырайым кылбаса ырайым кылынбайт» деп жооп айткан. (Бухари)

Бул эки хадистен балдарга жакшы мамиле кылуу керек экени билинет. Пайгамбарыбыздын (с.а.в) берекелүү хадисинен эки түрдүү маани алсак болот. Биринчи: Ким өз балдарына ырайым кылбаса, анда өзү карыган кезде аны да, ошол балдары сыйлабастан карабай коюп кор болгон абалга дуушар болот. Мындайлар жашообузда болуп жатканын көрбөгөндөр жок болсо керек. Ал эми экинчи маани: Ким балдарына ырайым кылбаса, анда жаралган макулуктар Аллах Тааланын жардамына, кечиримине жана мээримине муктаж болгон учурда ал пендеге Аллах Таала ырайым кылбайт. Тактап айтканда, Кыямат күнү Аллахтын мээриминен кур калат деген маанини туюнтат. Ошондуктан, баарыбыз өз каныбыздан жаралган балдарыбызга ырайым кылуу менен үй – бүлөнүн сакталуусуна жана бекем болуусуна салым кошуп жашайлы.

Аллах Таала Куран Каримде айткан:

الْمَالُ وَالْبَنُونَ زِينَةُ الْحَيَاةِ الدُّنْيَا (صورة الكهف 46)

Мааниси: «Мал – мүлк жана бала – чака дүйнө тиричилигинин (гана) кооздугу». (Кахф 46)

Ушул аяттан дүйнөнүн көркү балдар экендиги билинет. Демек дүйнөнү кооздоо, аны көрктүү кылуу биздин колубузда экен.

Ислам дини бир эле намаз же зекет менен эле чектелип калбастан, толук инсанга адамдык касиетти алып келүүчү дин. Ошондуктан Аллах Таала үй бүлөгө да динден өтө зор даража берген.

Ак никелүү жубайына жакшы мамиле кылуу

Биздин Ислам динибизде бул нерсеге аябай басым жасалган: Эркек өзүнүн жубайына жана ата балдарына аябай жакшы мамиле кылсын. Эгер Курани Каримди окуп көрсөк Ислам диндин негизги принциптери (усулдары), Аллах Тааланын Таухиди (жалгыздагы), намаз, зекет, орозо жана ажылыктан кийинки эле сөз үй – бүлөлүк маселелерге таандык. Тагыраак айтканда, жубайлар ортосундагы жана үй – бүлөдөгү алака – байланыштары жөнүндө көрсөтмөлөр берилген. Мисал катары «Аль-Бакара» сүрөсүнүн 222 – аятынан тартып, 243-аятына чейин бул жөнүндө өтө кенен айтылып кеткен. Кенен маалыматты Курандын котормолорунан карап көрүп пайдалансаңыздар болот.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) Тахажжуд намазын аябай көп окуучу жана дайыма орозо кармоочу бир сахаабага мындай деп айткан:

إنّ لجسدك عليك حقّا و لزوجك عليك حقّا

«Сенин денеӊдин да сага акысы бар, сенин жубайыӊдын да сага акысы бар». («Бухарий» Китаабун-Никах, Баабун ли-заужика алайка хаккун, 5199-хадис)

Азирети Абу Хурайра (ра) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав) дын мындай деп айтканын риваят этет:

«Аялдар жөнүндө баса белгилеп берилген көрсөтмөлөрдү кабыл алгыла: алар кабыргадан жаратылган, анын эӊ жогорку бөлүгү көп ийрилиги менен айырмаланат; эгер (аны) түздөйм десеӊ, сындырып саласыӊ, а эгер аны (тым) койсоӊ, ийри бойдон калат». («Бухарий», Китаабун-Никах, Баабул-васаати бин-Нисааи, 5186-хадис)

Азирети Айша (ра) мындай деп айтат: «Эфиопиялык адамдар өздөрүнүн найзалары менен ар кандай нерселерди көрсөтүп, элдерге жакшы маанай, оюн – күлкү тартуулашчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав)мени (алардан) далдоолоп, аларга көрсөтпөй тосуп турчу. А мен болсо алардын койгон тамашасын көрүп турчу элем». («Бухарий», Китаабус-Салаат, Баабу асхаабил-хирааби фил-масжиди, 454-бет)

خيركم خيركم لأهله

«Өзүнүн үй-бүлөсүнө жакшы мамиле кылуучу адам араӊардагы эӊ жакшы инсан» — деген хадис мындайча чечмеленет: «А дегенде өзүнүн жубайына жакшылык кылуучу киши, араӊардагы өтө көп пайда келтирүүчү адам болот. А бирок, өзүнүн жубайына зулумдук жана ээн баштык мамиле кылуучу, башкаларга эч качан жакшылык кыла албайт».

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (сав )дын насааттарына кулак салып, үй – бүлөбүзгө жана бала – чакабызга жакшы мамиле кылууга Аллах Таала күч – кубат берсин.

Үй – бүлөнү адал ырыскы менен багуу

Ар бир мусулман пенде Аллахка жагымдуу ибадат кылуусу үчүн эң чоң жардамчы бул – адал ырыскы болуп саналат. Адал ырыскы менен тамактануу менен гана ибадатыбыз бекем болот. Азыркы учурда көпчүлүк мусулмандар ибадат кылышат. Бирок, кылган ибадаттары себептүү эч кандай ырахат, жеңилдөөнү сезишпейт. Ибадатты оор жумуш катары көрүшөт. Ушул маселелердин пайда болушунун башаты тамак – аш адалданбы же арамбы карабастан, тандабастан жегендиктен болот. Ошондукта, кылган ибадаттан ар кандай жүрөктү оорута турган руханий оорулардан таза тутам десеңиз, адалдан азыктанып, арамдан өтө сак болуңуз. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Ким арамдан тамак жесе анын кырк күндүк ибадаты кабыл болбойт» — деп айткан сөзүн баарыбыз жакшы билебиз. Демек, биздин ибадатыбыз Жаратуучу талап кылгандай болбосо, анда бизге да ошого жараша ар кандай проблемаларды түшүрүп турат.

Өзүбүз адал ырыскы менен тамактанып, үй – бүлөбүздү да адал ырыскы менен баксак, өз каныбыздан жаралган бала – чакабыз, сүйүктүү өмүрлүк жарыбыз да биздин айтканыбызга көнүп, биз аларга муктаж болгон учурларда дайыма жардамын аябай, көмөк көрсөтүп турат. Аллах Таала үй – бүлө ортосунда бекем сүйүү, махабат жаратат.

Ырыскы табуу

Аллах Таала айтат:

فإذا قضيت الصلوة فانتشروا في الأرض و ابتغوا من فضل الله و اذكروا الله كثيرا لعلكم تفلحون (صورة الجمعة 10)

«Качан намаз аяктаса жер бетине тарагыла жана Аллахтан ырыскы издегиле. Анан да Аллахты көбүрөөк эстегиле. Мүмкүн ийгиликке жетээрсиңер». (Жума 10 – аят)

Азирети Абу Хурайра (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан экен: «Кимде – кимэлдерден тиленип калуудан сактануу үчүн, үй – бүлөсүн каржылоо жана кошунасына жакшылык кылуу ниетинде адал жол менен байлык тапса, ал Кыямат күнү он төртүнчү түнү толгон айдай нурдалган абалда Аллахтын алдына барат».

Караңыздар, Ислам дини бул бир гана намаз же орозо менен гана чектелген эмес, же болбосо байлык – дүйнөнү арам деп да тыйган эмес. Тескерисинче, байлык таап аны туура жолго сарптоого жана кедейлерге жардам берүүгө үндөгөн. Дүйнөдөгү бардык байлыкты топтоп алып, аны катып жатуудан тыйган. Ким канча байлык таба алса аны биринчиден өз үй – бүлөсүнө сарптап, андан ашканын сараң болуп кармабастан кошуналарга, же муктаж болгон мусулман бир туугандарга жардам берүүнү үйрөткөн.

Даярдаган: Чүй облусунун мусулмандар казыяты