Чагымчылык

Каьбул Ахбард р.а айтты: Бану Исрайил доорунда кургакчылык болуп өтө катуу каатчылык ачарчылык болот. Ошондо Муса алейхиссалам өз коому менен баары бир жерге чогулушуп Алладан жамгыр тилеп үч күн дуба-тилек кылышат. Тилеке каршы дубалары кабыл болбой, эл аябай кыйналат. Аргасыздан Муса алейхиссалам бир күнү Алла Таалага кайрылып: “Оо Рабим Алла! Биз Сага жалынып, жалбарып үч күн эл менен жамгыр тилеп дуба кылдык, кабыл кылбадың. Себеби эмнеде?”,- дейт. Алла Таала айтты: “Эй Муса! арасында чагымчысы бар коомдун дубасын кабыл кылбаймын”,- дейт. Анда Муса алейхиссалам: “Оо Раббим Алла! Дуба-тилек кылышкан менин коомумдун арасынан чагымчылык менен алектенген адамды көрсөтчү? Арабыздан аны чыгарып анан дуба кылалы”,-дейт. Алла Таала: “Эй Муса! Мен силерди чагымчылыктан тыйып туруп, араңардан паланчы чагымчы деп көрсөтүп койсом Өзүм чагымчы болуп калбаймынбы”,-дейт. Ошондо Муса алейхиссалам коомуна дуба-тилектердин кабыл болбой жаткандыгын түшүндүрүп, жалпы Алла Тааладан ката-кемчиликтери үчүн тооба кылышып, андан кийин жамгыр тилеп дуба кылышты. Жыйынтыгында дубалары кабыл болуп, жамгыр жаап коомдун тилегени кабыл болгон экен.

Чагымчы: Эки досту же эки бир тууганды же үй-бүлө же кошуналарды, эки айылды же эки жамаатты же эки урууну же эки улутту ж.б арасына чок таштап уруштуруп, өз максатына жетүүнү көздөгөн адам.

Даярдаган: Нурдин ажы Мамасабиров

Дурратуннасихин китебинен алынды 285 бет.