Адамдын айлана-чөйрөгө болгон милдети

Ислам динибиздин жаратылышка болгон кам көрүүсү

 Биз Куран аяттарын,  пайгамбарыбыздын САВ хадистерин көңүл коюп окуп көрсөк  жаратылыш, табият жөнүндө көптөгөн аят-хадистерди окуйбуз. Бул аят-хадистердин эң негизги максаты чөйрөнү таза сактап, жаратылышка кылдаттык менен мамиледе болуу. Ошондой эле көптөгөн аят-хадистер жер бетинде бузукулук кылып, табиятты булгоодон тыйган.

Алла Таала табиятты таза, кооз жана пайдалуу абалда жараткан:

Бул жөнүндө Алла Таала Куранда мындай дейт:

(أَفَلَمْ يَنظُرُوا إِلَى السَّمَآءِ فَوْقَهُمْ كَيْفَ بَنَيْنَاهَا وَزَيَّنَّاهَا وَمَا لَهَا مِن فُرُوجٍ * وَالأَرْضَ مَدَدْنَاهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنبَتْنَا فِيهَا مِن كُل زَوْجٍ بَهِيجٍ ([ ق 6 ـ7]. والبهيج: الشيء الجميل الذي يُدخل البهجة والسعادة والسرور إلى من نظر إليه…

“Алар үстүлөрүндөгү  асманга карашпайбы? Биз аны кандайча куруп кооздогонубузга жана анда (асманда) эч кандай жылчык жок экендигине карашпайбы. Биз жерди жайып кенен кылдык жана анда тоолорду орноттук. Анан анда түрдүү кооз өсүмдүктөрдү жуп-жубу менен өстүрдүк”. (Кооф сүрөсү, 6-7 аяттар)

Андан соң мындай деди:

(وَنَزَّلْنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً مُّبَارَكاً فَأَنبَتْنَا بِهِ جَنَّاتٍ وَحَبَّ الـحَصِيدِ * وَالنَّخْلَ بَاسِقَاتٍ لَّهَا طَلْعٌ نَّضِيدٌ * رزْقاً للْعِبَادِ وَأَحْيَيْنَا بِهِ بَلْدَةً مَّيْتاً كَذَلِكَ الْخُرُوجُ ([ ق 9 ـ 11]..

“Биз асмандан берекелүү жамгырды жаадырдык. Анан аны менен дарактарды жана орулуп, жыйналуучу дандарды өстүрдүк. Жыш мөмөлүү катарлаш өскөн, узун өскөн курма дарактарын пенделерибизге ырыскылануу үчүн аны менен өлгөн жерди кайрадан тирилттик. Кайра чыгуу (кыяматта мүрзөдөн кайра тирилип чыгуу) да ушундай болот.  (Кооф, 9-11)

Дагы бир аятта мындай деди:

(وَتَرَى الأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنزَلْنَا عَلَيْهَا المَاءَ اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنْبَتَتْ مِن كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ [الحج 5]

“(Какырап) кургаган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт”. (Хажж-5)

Нахл сүрөсүндө мындай деди:

(( هُوَ الَّذِي أَنزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً لَّكُم مِّنْهُ شَرَابٌ وَمِنْهُ شَجَرٌ فِيهِ تُسِيمُونَ * يُنبِتُ لَكُم بِهِ الزَّرْعَ وَالزَّيْتُونَ وَالنَّخِيلَ وَالأَعْنَابَ وَمِن كُلِّ الثَّمَرَاتِ إِنَّ فِي ذَلِكَ لآيَةً لِّقَوْمٍ يَتَفَكَّرُونَ [النحل: 10-11]

“Ал силерге асмандан жамгыр жаадырып, андан суу, ал аркылуу малдарыңарды жайа турган дарак (жайыт) жаратат. Аллах силерге суу аркылуу эгин, зайтун, курма дарактарын, жүзүмдөр жана бардык мөмөлөрдү өстүрөт. Дал мына ушунда түшүнө турган коомдор үчүн белгилер бар”. (Нахл, 10-11).

(( وَمَا ذَرَأَ لَكُمْ فِى الاّرْضِ مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهُ إِنَّ فِى ذَلِكَ لآيَةً لِّقَوْمٍ يَذَّكَّرُونَ * وَهُوَ الَّذِى سَخَّرَ الْبَحْرَ لِتَأْكُلُواْ مِنْهُ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُواْ مِنْهُ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا وَتَرَى الْفُلْكَ مَوَاخِرَ فِيهِ وَلِتَبْتَغُواْ مِن فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ))

[13 ـ 14].

“Силер үчүн жер жүзүндө өстүрүп койгон түрлүү түстөрдөгү нерселерде, коом үчүн чындап насаат ала турган өрнөк бар. Ошондой эле, Аллах жаңы эт жешиңер жана кооз нерселерди тагынууңар үчүн деңизди (силерге) багындырып койду. Аллахтан ырыскы издешиңер үчүн кеме сууну жиреп бара жатканынан көрөрсүң. Балким (Аллахка) шүгүр кыларсыңар”. (Нахл, 13-14).

Табиятты таза сактоо бул парыз жана сооптуу ибадат:

Табиятты таза сактап ага кам көрүү бул Алла Тааланын буйруктарын аткаруу жана сооп иш болуп эсептелинет. Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ хадисте мындай дейт:

وجاء في حديث عبدالله بن مسعود — رضي الله عنه — أن رسول الله — صلى الله عليه وسلم- قال: » إِنَّ الله جَمِيلٌ يُحِبُّ الْجَمَالَ « ( مسلم : 91 في الإيمان )

Абдулла бин Масъуд(Алла андан ыраазы болсун) риваят кылат, Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Алла Таала кооз (жана чырайлуу, ошондуктан) кооздукту сүйөт”. (Муслим-91)

Ошондуктан табиятты таза, кооз сактоо бул деле Аллага жаккан кооз амалдардан болуп эсептелинет.

Пайгамбарыбыз САВ мечитте түкүрүү бул жаман иш экендиги тууралуу төмөнкүчө айткан:

وعن أبي ذر — رضي الله عنه — عن النبي — صلى الله عليه وسلم- قَالَ: «عُرِضَتْ عَلَيَّ أَعْمَالُ أُمَّتِي، حَسَنُهَا وَسَيِّئُهَا، فَوَجَدْتُ فِي مَحَاسِنِ أَعْمَالِهَا الأَذَى يُمَاطُ عَنِ الطَّرِيقِ. وَوَجَدْتُ فِي مَسَاوِي أَعْمَالِهَا النُّخَاعَةَ تَكُونُ فِي الْمَسْجِدِ لاَ تُدْفَنُ» (مسلم : 1185).

Абу Зарр (Алла андан ыраазы болсун) риваят кылат, Пайгамбарыбыз САВ айтты: “Мага менин үммөтүмдүн сооп жана күнөө иштери көрсөтүлдү. Көрсөм, адамдарга ызаа келтирген (тикенекти) алып салуу бул эң жакшы амалдардан экен. Ал эми мечитте көмүлбөй калган какырык бул эң жаман амалдардан экен”. (Муслим -1185)

Исламдын баштапкы мезгилинде пайгамбарыбыздын мечити толук жабылбай, кире бериш жери тосулбаган ачык жай эле. Ошондуктан пайгамбарыбыз адамдарды ал ачык жерге түкүрүп-какырбоого үндөдү. Бирок баарыңыздарга маалым болгондой эле, мечитте түкүрүү бул күнөө иш. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз САВ башка хадистерде айтып кеткен.

Бул хадистен биз үчүн үйрөнө турган сабак бул, адамдар жүргөн жолдорду ар кандай тикенектерден, ызаа келтирчү нерселерден тазалап, ошондой эле көчөлөрдө, эл көп жерлерде түкүрүү бул жагымсыз жорук экенин билебиз.

Жолдон тикенекти алып салуу бул да садака:

Бул жөнүндө мындай хадис бар:

وورد في حديث أبي هريرة — رضي الله عنه — أن النبي — صلى الله عليه وسلم- قال: » وَتُمِيطُ الأَذَى عَنِ الطَّرِيقِ صَدَقَةٌ» ( مسلم : 2288) .

Абу Хурайрадан (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз САВ мындай дейт: “Жолдон тикенекти алып салууң бул да садака (болот)”. (Муслим-2288)

Бул хадиске машинадан же үйдүн терезесинен ошондой эле, иштеген же жашаган жеринде таштандыларды ыргытпоо маселесида кирет. Себеби мындай кылуусу менен ал башкаларга ызаа келтирбей калат.

وعن أبي هريرة — رضي الله عنه — عن النبي — صلى الله عليه وسلم- أنه قال: » لَقَدْ رَأَيْتُ رَجُلاً يَتَقَلَّبُ فِي الْجَنَّةِ، فِي شَجَرَةٍ قَطَعَهَا مِنْ ظَهْرِ الطَّرِيقِ. كَانَتْ تُؤْذِي النَّاسَ »  (مسلم : 6623).

Абу Хурайрадан (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз САВ мындай дейт: “Бир киши адамдарга ызаа келтирген даракты (шакты) кыркып салгандыгы үчүн бейиште ээн-эркин жүргөнүн көрдүм”. (Муслим-6623)

وفي حديث آخر عن أبي هريرة أيضاً أن النبي — صلى الله عليه وسلم- قال: » اتَّقُوا اللَّعَّانَيْنِ» قَالُوا: وَمَا اللَّعَّانَانِ يَا رَسُولَ اللّهِ؟ قَالَ: » الَّذِي يَتَخَلَّى فِي طَرِيقِ النَّاسِ أَوْ فِي ظِلِّهِمْ» . (مسلم : 571).

Абу Хурайрадан (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз САВ мындай дейт: “(Элдин каргышына алып келчү) эки каргыштан сак болгула-деди. Ал эки каргыш эмне? деп сурашканда, пайгамбарыбыз САВ : “Адамдардын жолуна же алар (эс алчу) көлөкөгө дааратын сындырган киши” деп жооп берди.

Пайгамбарыбыз САВ бул хадисте эл баскан жолго же адамдар эс алчуу көлөкө жайларга даарат сындыруудан тыйып, мындай жаман жорук ошол кишини жанагы ызааны көргөндө ызааланып, аны каргап, тилдеп жиберүүсү мүмкүн экенин баяндап кетти.

وعن جابر — رضي الله عنه — عَنْ رَسُولِ اللّهِ — صلى الله عليه وسلم- أَنَّهُ نَهَى أَنْ يُبَالَ فِي الْمَاءِ الرَّاكِدِ) .

(مسلم : 607).

Жаабир (Алла Таала андан ыраазы болсун), Пайгамбарыбыз САВ: “Акпаган сууга заара чыгаруудан тыйганын” баяндайт.

Себеби мындай жаман жоруктар табияттын булгалышына, ар кандай жаман ооруулардын таркалышына алып келет.

Адамзаттын жашоосу бейпилдикте улануусу үчүн алдыда айтылган аят-хадистер түшүрүлгөн. Эми ушулар менен чектелип калбастан кулак, көз, жыт ж.б.у.с сезимдерге көңүл бурулган. Булардын эң биринчиси бул катуу кыйкыруу. Алла Таала куранда эч кандай себепсиз үндү көтөрүп кыйкырып, өкүрүүдөн тыйган. Бул жөнүндө төмөндөгүдөй аят түшкөн:

(( واقصد في مشيك وَاغْضُضْ مِن صَوْتِكَ إِنَّ أَنكَرَ الأَصْوَاتِ لَصَوْتُ الحَمِيرِ )) [لقمان: 19].

“Жүрүшүңдү орточо кыл, үнүңдү басаңдат. Анткени үндөрдүн эң жаманы эшектердин үнү”. (Лукман-19)

Себеби, баарыңыздар билгендей эле, кыйкырып өкүрүү бул адамзаттын жашоосун булгап, тынчтыкты кетирип адамдын маанайын бузат.

وعن أبي هريرة — رضي الله عنه — قال: قال النبي — صلى الله عليه وسلم- : «مَنْ عُرِضَ عَلَيْهِ رَيْحَانٌ، فَلاَ يَرُدُّهُ. فَإِنَّهُ خَفِيفُ الْمَحْمِلِ طَيِّب الرِّيحِ» . ( مسلم : 5835).

Абу Хурайрадан (Алла Таала андан ыраазы болсун) риваят, Пайгамбарыбыз САВ мындай дейт: “Кимге райхан гүлү сунуш кылынса андан баш тартпасын. Бул гүлдүн жытыда сонун, көтөрүүгө да жеңил”.

Бул хадисте пайгамбарыбыз САВ мусулмандарды өз ара жакшы жыттарды таратып, бир-бирине белек сунуп, табиятты таза сактоого үгүттөп жатат.

 

Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмү