Абдишүкүр ажы Нарматов

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы  Нарматовдун өмүр таржымалы

Нарматов Абдишүкүр Исламович 1968-жылы 8-февралында Баткен облусунун Кара-Бак айылында жарык дүйнөгө келген. 1985-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн. 1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы ислам институтун, 1993-2000-жылдары Каирдеги Аль-Азхар эл аралык ислам университетинин «Ислам укугу» факултетин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы юридикалык факултетте магистратураны артыкчылык менен бүтүргөн. 2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору, 2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы, 2006-2016 жылдага чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору болуп эмгектенген. 2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тайба мечитинде, 2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичирайондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет. Ошондой эле 2001-2006-жылдары коомдук телеканалдагы  “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө. “Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган аудио жана видео дисктердин автору.

Нарматов Абдишүкүр Исламович беш кыз, эки уулдун атасы.