Бир үлкөн өлкөнү башкарган даанышман падыша бар эле. Бирде ал элинин адеп-ахлагын, жаштардын ой-пикирин текшерүү үчүн борбордук чоң көчөлөрдүн биринин так ортосуна көлөмү чоң ташты таштатып коёт. Анан өткөн-кеткендер жолду тосуп калган ташты көргөндө эмне кылаарын байкап туруусу үчүн бир адамды кароолчу кылып дайындайт. Арадан бир канча күндөр өтөт, жолдон көптөгөн адамдар ары-бери басып өтүшөт, бирок ташты жолдун жээгине жылдырып коюу алардын биринин да оюна келбейт. Тескерисинче, өткөндөрдүн баары: “Эмне үчүн мамлекеттик кызматкерлер ушул ташты жолдун жээгине жылдыртып койбойт? Эмне үчүн буга жооптуу адамдар милдетин аткарышпайт? Качанга чейин бул таш бизге тоскоол болот?” – деп, нааразылыгын билдиришет. Арадан бир канча убакыт өткөндөн кийин жолдон өтүп бараткан бир адам, ташты көрүп, аны башкаларга тоскоол болбосун деп болгон күчүн жумшап жолдун жээгине жылдырып коёт. Ташты тоголотуп жолдун жээгине чыгаргандан кийин таштын бир четиндеги оюкка көзү түшөт, колун салса анда кичинекей баштык бар экен. Баштыктан толо алтын жана бир кичинекей баракчаны табат. Баракта: «Алтын — ташты жолдон жылдырып койгон адамга падышадан белек» — деп жазылган экен.
Окуядан алынчу сабак:
Мамлекет мага эмне кылып берди? — дебе! Тескерисинче, мен өлкөмө кандай салым коштум, өзгөлөргө кандай пайда келтирдим? — деп ойлон!
Эч качан арызданба! Эгер колуңдан келсе башкалар аткарчу ишти өзүң аткар! Бул ишке мен жооптуу эмесмин, жооптуулар аткарсын дебе! Анткени үйдүн, көчөнүн, коомдук жерлердин жана өлкөбүздүн тазалыгы, өсүп-өнүгүүсү үчүн ар бирибиз жан үрөп аракет кылуубуз милдет экенин унупа!